ВИДЕО — Милиция кызматкерлери менен окуучулар паркта бийлешти. Анын негизги максаты эмнеде?

ВИДЕО — Милиция кызматкерлери менен окуучулар паркта бийлешти. Анын негизги максаты эмнеде?
Бүгүн, 8-декабрда, “Ынтымак 2” паркында Октябрь РИИБ “16 күн зомбулуксуз жашоо” аттуу акциясынын алкагында флешмоб өткөрдү. Алар жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын участкалык инспекторлору “Шайыр балалык” балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары менен биргеликте флешмоб уюштурушту. Бул тууралуу Октябрь РИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Акцияны өткөрүүнүн негизги максаты – зомбулукка кабылгандарды эрте аныктап, адам укугуна каршы аракеттерди мындан ары болтурбоо үчүн мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүү.
Акциянын түсү катары – кызгылт сары жөн жерден тандалып алынган эмес. Бул өң психилогияда активдүүлүктү, ар дайым жаңы нерселерге, алдыга умтулган адамды сыпаттайт. Ошондой эле кызгылт сары түсү өзүн эркин жана күчтүү сезүүгө жардам берет.
Бишкек шаардык ИИББи жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция кызматкерине же болбосо 102 номерине кайрылуу керектегин эскертет.
 Октябрь РИИБнын басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.