БАКИРОВА: «Соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция маселеси актуалдуу бойдон калууда»

БАКИРОВА: «Соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция маселеси актуалдуу бойдон калууда»

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова “Соттордун көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатуу коррупция менен күрөшүүнүн бир жолу катары” деген темада Кыргыз аял-судьялар ассоциациясы коомдук бирикмесинин жылда өтүүчү VII конференциясына катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, конференция эки күнгө созулат. Ага судьялар, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен ведомстволордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар сессияларда бир нече актуалдуу темаларды жана маселелерди карашат: «Коррупция мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар боюнча мыйзамдуулук жана сот адилеттигин ишке ашыруу», коррупциялык кылмыштарды кароонун эл аралык тажрыйбасы, соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуу боюнча Кыргыз аял-судьялар ассоциациясынын долбоорлорунун жыйынтыктарына сереп салуу.

Төрайым Н. Бакирова өз сөзүндө белгилегендей, соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция маселеси көп жылдар бою актуалдуу бойдон калууда. Жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында бир катар көйгөйлөрдү чечүү пландалып жатканын: укуктук, уюштуруучулук, башкаруучулук жана моралдык-этикалык маселелердин ичинен соттордун көз карандысыздыгы жана коррупцияга каршы күрөш эң приоритеттүү экенин, ал  бири-бири менен тыгыз байланышта жана бири-биринен обочолонуп кароого болбой тургандыгын белгиледи.

«Соттордун көз карандысыздыгы демократиянын орношуна жана адам укуктарынын сакталышы үчүн абдан маанилүү. Бул мыйзам үстөмдүгүнүн фундаменталдык компоненттеринин бири, эркиндиктин, адам укуктарынын сакталышынын жана мыйзамды калыс колдонуунун кепилдиктеринин бири. Социалдык-укуктук табиятынан улам сот бийлигинин көз карандысыздыгынын деңгээли мамлекеттик бийликтин башка бутактарына салыштырмалуу жогору болууга тийиш, анткени демократиялык укуктук мамлекетте мыйзам үстөмдүгү жогорку бийлик, тиешелүүлүгүнө жараша сот бийлиги, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, объективдүү жана калыс болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн башкалардын таасирлеринен  алыс болушу керек”, — деди Н.Бакирова.

Жогорку соттун басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.