ЧУКУЛ КАБАР: 8 жаштагы Али Түркияда дарыланууда… Жардамыңыздар керек, кыргыз элим!

ЧУКУЛ КАБАР: 8 жаштагы Али Түркияда дарыланууда… Жардамыңыздар керек, кыргыз элим!

8 жаштагы Али Рустамов эсиңердеби? 

Апластикалык анемия (кызыл сөөк чучукта жаңы кан клеткаларынын жасалып чыгышы азайган анемиянын бир түрү, сейрек кездешүүчү кан оорусу) диагнозу коюлган кичинекей Али Бишкек шаарындагы Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо улуттук борборунда 8 ай дарыланды. Алинин апасы Күлүм Курманованын айтымында, костный мозгду (кызыл сөөк чучугун) трансплантациялоо үчүн 90 миң доллар керектелип, андай каражат аларда жок болгондуктан, кайрымдуу элибизден жардам сурап кайрылууга аргасыз болушкан. Боорукер, жароокер кыргыз элибизден анча-мынча жардам болгон. 19-декабрда Бишкекте кайрымдуулук концерт да өткөн. Тилекке каршы, керектелүүчү сумма чогулбай калды… Алинин абалы оорлоп бараткандыктан, Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында Эмсей клиникасынын врачтары менен сүйлөшүшсө, алар  90 миң долларды бөлүп-бөлүп төлөөгө макул болушкан. 26-декабрда Түркияга учуп кетишкен. Али учурда Эмсей клиникасында дарыланууда. Апасынын айтымында, трепанобиопсия алынды.

МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ! «Көп түкүрсө көл болот» дейт. Келгиле, 8 жаштагы Алинин өмүрүн сактап калуу үчүн жабыла жардам кылалы!

Кыргыз журту эч качан жаш балдарга кайдыгер караган эмес. Жүрөктү тыңшап, акыл калчап, колдон келген жардамыбызды аябайлы! 

Реквизиттер:

Элсом: 0702303135
Элкарт: 9417039448892220
Сбербанк: 5228600582111995
Демир банк: 11800001935592911
1180000193593012
1180000193593113
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.