Кыргызпатент жыл жыйынтыгын чыгарды. Директор Рахат Керимбаева кимдерге сыйлык тапшырды?

Кыргызпатент жыл жыйынтыгын чыгарды. Директор Рахат Керимбаева кимдерге сыйлык тапшырды?

Бүгүн, 30-декабрда Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) жыл жыйынтыгын чыгарды. Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жыйынды ачып берип, ведомствонун отчеттук мезгилдеги аткарган иштерине токтолду. Жыйындын аягында кызматкерлерди сыйлыктар менен сыйлады.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, 2021-жылдын жыйынтыгы менен ведомствонун сыйлыктары тапшырылган.

Көп жылдар бою ак ниет жана үзүрлүү иштеп, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчикти коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:

Ормушева М. А. – Укук башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Апазова А. Дж. – Экспертиза башкармалыгынын товардык белгилерди экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

Алымбаева А. Ж. – уюштуруу иштери жана стратегия бөлүмүнүн башкы адиси;

Акматалиева Б. Т. – кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Кокумов А. Э. – Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектордук бөлүмүнүн улук инспектору;

Торогулов Т. О. – Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Акматсияев Р. З. – Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектордук бөлүмүнүн инспектору;

Островершук Г. Ю. – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди комплекттөө жана иштеп чыгуу бөлүмүн башчысы;

Абдрасулов А. А. – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун Fab Lab индустриялык инновациялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Акун к Д. – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Зейбель Д. В. — Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун полиграфия бөлүмүнүн адиси;

Асаналиев У. А. — Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын китепкана-маалыматтык процесстерди автоматташтыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Давлетбаева Н. Э. – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди комплекттөө жана иштеп чыгуу бөлүмүн башкы адиси.

Кызматын так жана ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн. Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын автордук сыйакыны бөлүштүрүү жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Садыкова Джыпаргүл Джалиловнага жана  автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектордук бөлүмүнүн инспектору Молдогазиева Аида Бейшеновнага алкыш жарыяланды.

Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө үзүрлүү кызматташкандыктары жана инновацияны өнүктүрүүгө кошкон салымдары жана ошондой эле иннновациялык ишти өнүктүрүүгө туруктуу өнөктөштүк көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Абдраева А. Т. – КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин министринин орун басары;

Джуматаев М. С. – техникалык илимдердин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Улуттук илимдер академиясынын президенти;

Тыналиева Б. К. — КРнын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрайымы;

Султаналиев Б. С. – техникалык илимдердин доктору, КРнын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун директору.

Ошондой эле, Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгынын начальниги Балбаева Г. Ж. менен Н.Н.Малюковага (геологиялык илимдердин кандидаты, профессор, Кыргыз-Россия Славян университетинин Билим берүү жана илим башкармалыгынын начальниги) Алкыш жарыяланды.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.