Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын 1-февралындагы № 70 тескемеси менен Ормушева Мээрим Айдарбековна Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатына бүгүн, 3-февралда Кыргызпатенттин жетекчиси Рахат Керимбаева тааныштырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Ой, ким бул, ой?!
Мээрим Ормушеваны учкай тааныштыра кетсек, ал жогорку билимдүү. Кесиби — юрист. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Андан кийин Япониянын эл аралык университетинен билим алган.
2012- 2014 — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, кылмыш-жаза процесси кафедрасынын лектору болуп эмгектенген. 2016 —жылдан ушул убакытка чейин – Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, укук башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеп келген.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы