Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов блогер, журналист Батмакан Жолболдуевага кол көтөргөнү тууралуу эркин журналист Алтынай Арстанбекова жазып чыкты. Ал окуя боюнча видео да тарады. Кесиптешибиз А.Арстанбекованын айтымында, Б.Жолболдуева ЖК депутаттарынын Лейлекте эл менен жолукканын чагылдырганы барыптыр. Бирок анын катышуусуна Ураимов каршы болуп, «расмий журналист эмессиң» деп чыгып кетишин талап кылып, күч колдонгон.
Батмакан Жолболдуеванын айтымында, Ураимов аны уруп, телефонун тартып алып, чачынан сүйрөгөн. Учурда ал Лейлек районунун ооруканасында дарыланууда. Окуя боюнча милицияга кайрылып, арыз жазган.
Көп узабай Ураимов да бул окуя боюнча «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жолболдуеванын айткандарын жокко чыгарган кайрылуу менен чыкты. Анын айтымында, жыйынга расмий массалык маалымат өкүлдөрүн гана чакырган, Жолболдуева тизмеде жок болгондуктан чыгып кетүүсүн талап кылганда, ал аны муштап, ургулап, кийимдерин тытмалап, аброюна шек келтирген сөздөрдү айткан.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “Батмакан Жолболдуева Эрулан Көкүловго жолукканы барганбы? Ал окуя боюнча Алихан Ураимов эмне деди?”