ПРЕЗИДЕНТ: «Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш!»
Президент Садыр Жапаров Кадамжайда өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу пикирин «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катыштыгы барлар жазасын аларын айтты.
— Урматтуу мекендештер! Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти.
Элдин да, ата-эне талабы да — өлүм жазасы!
Кайгылуу окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда 4-сентябрда болгон. Киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын кечээ облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуучу кыз Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектелип Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Бул мыкаачыларга элдин да, жалгыз кызынан ажырап калган ата-эне талабы да — өлүм жазасы. Коомчулук атууга кетишин талап кылууда. Колдойбуз! Наристелерди коргойбуз!
Жалгыз кызынан ажырап калган ата-эне боздоп-сыздап «Турмуш» сайтына талабын билдирген:
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты бейажал кеткен 14 жаштагы Айдайдын ата-энесине, үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.