Эстафета уланууда…
Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 11-ноябрда Талас облусунан башталып, Бишкектеге жыйынтыкталат. 90 жылдыкты утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Бирок ортодо ыр окуу ыргагы ар кандай кырдаалга байланыштуу токтоп калган эле… Жакында эле кайрадан жандантып, мамлекеттик иш-чарага (16-ноябрга) чейин улантып жатабыз, туугандар!
Жеке ишкер, жаш акын Акбар Жанышбеков Байдылда атабыздын «Кала берди» аттуу ырын талаада отуруп окуп, эстафетаны 3 акынга: Эркеайым Боталиева, Максат Кулуев жана Афина Бакировага узаткан.
ЗАЛКАРГА
Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…
Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!
Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:
- — ырдын аталышын айтып;
- — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
- — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
- — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
- — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.
БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
One thought on “ВИДЕО — Акын Эркеайым Боталиева эстафетаны кимден алып, кимге узатты?”