Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл Кыргызстанда 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин билдирди. Бул тууралуу ал Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 31-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүш үчүн 1-апрелге карата Токтогул суу сактагычына 8,6 млрд м³ суу топтоо пландалууда. Быйыл 2,2 млрд. кВт саат электр энергиясын импорттоо каралган.
Кыргызстандын суу ресурстарынын энергетикалык мүмкүнчүлүгү 162 млрд. кВт саат, бул Борбор Азиядагы энергокордун 38% түзөт. Бирок эсептөөлөр боюнча, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктүн 10% жетпегенин гана колдонот.
Кыргызстанда жылына 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок ал жалпы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам өкмөт жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын сатып алат.
Президент Садыр Жапаров 21-январда май айынан тарта электр энергиясынын тарифи 77 тыйындан бир сомго көтөрүлө турганын билдирген.
Азыр калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан, мекеме-ишканалар 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин төлөйт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы