Эрнис АСЕК уулу: «Жыргалбектин да атасынын аты Асек». Экөө пир туткан Чоюн агай…

Эрнис АСЕК уулу: «Жыргалбектин да атасынын аты Асек». Экөө пир туткан Чоюн агай…

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Апрелде Шабдан Сулаймановду алып келели деп жатабыз»

Март айынын этегинде (26-мартта) чакан сонун бир адабий кече болду. Улуттук жазуучулар союзунун “Чай үстүндө баарлашуу” деген долбоорунун алкагында алыскы Түркиядан келген белгилүү журналист, аналитик, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовдун чыгармачылык дүйнөсүнө чабыт жасадык.

Аталган долбоор “Сармерден” ресторанынын ээси, адабият, маданиятка жакын, сөз баккан жеке ишкер Дүйшемамбет Орозалиевдин демөөрчүлүгү менен былтыр (21-ноябрда) башталыптыр. Жазуучулар союзунун жетекчиси Нурлан Калыбековдун айтымында, эл алдына көп чыга бербеген таланттарды көмүскөдөн алып чыгып, акын-жазуучулар менен чай үстүндө маектешип, чыгармачылыгын саресепке алуу экен. Алгачкысы акын эжебиз Динара Бейшеналиева менен өтүп, кийин Толук Бек Байзак, анан Жаныбек Өмүралиев (“Юморалиссимус”) чакырылыптыр. Кийинки апрель айындагысы акын Шабдан Сулаймановдун кезеги экен…

Эрнис АСЕК уулу: «Жыке мыкты акын»

Жыргалбектин чакан кечесин Нурландан укканымда 2019-жыл эске түштү. Анда  ал: «Кежир, гений күйөөңдү көндүр, поэзия кечесин өткөрөлү, Жыргалбек менен кошо…» деп чалган эле. Эрниске айтсам, так секирип: «Меникине караганда Жыкенин ырлары мыкты. Ал мыкты акын. Мен өзүмдү акын деп эсептебейм. Ырларды өзүм үчүн эле жазып жүрөм» деп Нукесинин сунушуна макул болбой койгон. Негедир Жыргалбек да макул болбоптур… Экөө макул болгондо поэзия кечелери 2020-жылдын 25-январында Филармонияда өтмөк… Ошол жылдын 26-январында Эрнис, Нурлан үчөөбүз жолукканда, экөөлөп эптеп көндүргөн соң, 25-апрель деп датасын өзү коюп, бирок, тилекке каршы, ага жетпей, 29-январда көз жумду… Батага келишкен Жыргалбекти, Эрнис экөөнүн устаты Чоюн Өмүралиев агайды ошондон бери көрө элек болчумун. 3 жылдан кийин көрүштүк… Чоюн агай айткандай, «Эрнисти эстегенде жандүйнө эңшерилип кетет»…

«Самурай кылыч – жүрөгүм» китебине баа берилди…

Нурландын айтымында, «Чай үстүндөгү баарлашуунун» максаты – коңулда жатып алып жакшы ырларды жазып, эл алдына чыкпаган, бир да жолу кечеси өтпөгөн акындарды алып келип, алардын жандүйнөсүн ачып, чыгармаларын угуп, ырларын окутуп, дасторкон үстүндө баарлашуу, сырдашуу…

Ошол сырдашып баарлашууга жазуучу, публицист Чоюн Өмүралиев агай («Кичинекей Устатыма менин адабиятка, философияга, руханий билимдерге ачылган жолумдун башында турганына, экөөбүз тең пир туткан Чоюн байке жазмакчы, «бир ар жылдар арасында, бир түлөгөн тери ичинде» дүйнө бүтүн өзгөргөн ошол заманда жолубуз бирге болгонуна, кандай болсо да калтырып кеткен изине чын дилимден ыраазымын» деп Эрнисти эскерүүсүндө Жыргалбек жазган эле (07.03.20. «Алакан«) — авт.), акындар Бурулкан Сарыгулова, Аида Эгембердиева,

Кубат Оторбаев, адабиятчы, журналист Жолдош Турдубаев, журналист Махабат Темирбекова, “Нурборбордун” жетекчиси Нурбек Маамытбаев, борбордун өкүлдөрү, жаш акындар Элгиза Бусурманкулова, Гүлкайыр Масеитова, Элчибек Маакеев, Жибек Сапар кызы, Албина Шерали кызы, Ырыскелди катышты. Алар Жыргалбектин «Самурай кылыч – жүрөгүм» деп 2008-жылы чыккан китебинен ырларын окуп, обондуу ырларынан ырдап беришти. Автордун өзүнүн окуусунда да бир топ ырларын уктук…

Жакшы саамалыктын башын Чоюн агай ачып берди. Шакиртинин адабий кечесинин өтүп жатканына кубанып толкунданып: «90-жылдын башында «Асабада» иштеген жаш муундар Жыргалбек Касаболотов, Кубат Оторбаев, Каныбек Иманалиев жана Эрнис Асек уулу (1970-2020) бар эле. Эрнисти эстегенде жандүйнөм эңшерилип кетет. Өзүн ачпай кетти, жаш кетти, кайран жигит… Мен атаган жигиттердин дүбүртү ошондо эле катуу чыккан… күчтүү команда болчу. Мына, Кубат да жакында эле поэзия кечесин өткөрдү. Мен келе албай калдым. Жаш кезинде эле ыр жазчу… анда-санда ырларын «Асабага» чыгарып калчу. Силерди көрүп ошол күндөрдү эстеп жатам. «Жаштык жарчысы» «Асабага» айланганда: Жолдошбек Зарлыкбеков, Мамат Сабыров, Кубатбек Жусубалиев, Салижан Жигитов, Эсенбай Нурушев, Түгөлбай Казаков, Бакыт Орунбеков, Азимжан Ибраимов, Султан Жумагулов болуп чогуу иштегенбиз. Өзүм тууралуу айта турган болсом, орус жана дүйнөлүк адабиятты казып окугам. Эгемендүүлүктүн эртеси аныкталбай турганда (90-жылдары) адабияттын алыстап кеткем.

Жыргалбектин апасы Шакен Мамбетаипова да акын болгон. «Көл боюна жүз келем» деген китеби чыккан, баш сөз жаздым эле… Чогуу иштеп калдым. Абдан жакшы адам эле… Жыргалбекти ээрчитип келгенде, баласы бизге акыйкатты айтып киргенде, апасы улам тыйып коер эле. Ошондо эле акыйкатты издеген, мекенге күйгөн жигит болчу. Жыргалбектин чыгармачылык кечеси өтөт дегенде мен ушуларды эстедим… Анан «Самурай кылыч – жүрөгүм» аттуу 2008-жылы чыккан, кол тамгасы менен алган китебин кайра окуп чыктым. Азыркы турмушту Жыргалбек ошондо эле ырдап коюптур… Окуп алып, ырлары азыркы заманга төп келгенине таңгалдым. Ырлары бир топ башка мамлекеттин акындарын эске салды. Орус жазуучусу Михаил Лермонтовдун «Демон» поэмасын, түрк жазуучу, акын Назым Хикметтин «Мажүрүм талын» эстедим.

Айнегине чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу
чайкайт күмүш саамайын сууга малып.
Кылыч менен талдарды чаап шакка
Кетти кызыл атчандар батыш жакка
батыш жакка күн батып бара жаткан.
Ок жаӊылды капыстан!
Бир жаш атчан
Кушка окшоп канатка аткан
кулады аттан!
Бакырбады,
Кеткендерди жалбарып чакырбады,
Башын жерден көтөрүп бир азга араӊ
Арман толгон көз менен карап турду
Аттардын туяктарын кылактаган .
Арман күн ай,
атаганат,
карып туруп ал эми кайра аттанып
өбөктөбөйт ак көбүк ат жалына,
ак аскерди кубалап айгай салып
ойното албайт кылычын баштарына!
*
Кулагында алсырап жаткан жандын
өчүп барат дүбүртү чапкандардын.
Кылк-кылк этип кызарып күн баткан жер
жутуп алды караанын атчандардын.
Атчандар, атчандар, кызыл атчандар,
аттары шамал-куюн канатчандар,
аттары шамал канат..
аттары шамал…
аттары…
ат…
Өмүр өттү атчандай шамал канат!
Аккан суунун үнү өчтү ир алдыда,
дүйнө бүтүн боөлду караӊгыга,
жабылды кара парда
мөлтүр тунук көгөргөн көзүнө
анын,
төгүлдү мажүрүм тал
сары чачы төгүлгөн бетине
анын!
Баратат коюу тартып түн карасы.
Ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы!
Ыйлаба,
ыйлабачы!
Ыйлабачы…

Бул ырды агай жатка билет экен, көркөм окуусун муюп уктук. «Ушул ырды Ататүрк ыйлап уккан экен… Муну айтканымдан себеби, Жыргалбектин ыры Хикметтин заманын зарлап айткан ырларына окшошуп кетет. Акын Ата журтун сүйбөсө ыр жазылбайт. «Адамдын сөзүнөн, малдын көзүнөн билсе болот» дейт кыргызда. Жыргалбектин сөздөрү курч, самурай кылычы менен шылып түшөт. Ыр китеби көп нерсени, башка улуттун акындарын да эстетти. Башкыр акыны Салават Юлаев да заманын ырдаган, бирок, анын ырлары жок кылынган. Атүгүл андагы бийлик тукумун курутуп, Салават деген атты да балдарга койдурган эмес. Бирок архивде сакталып калган ырлары бар экен, кийин аны орусча которуп чыгарышты. Чыныгы акын калемин чындыкка гана малып, колуна калем куралын алып, турмуштун агымына каршы сүзөт. Анынсыңарындай Жыргалбек жоокер самурай кылычы менен заманын ырдап жатат. Топтолуп калган ырларын басууга даярдап койгон экен. Биз аны коргоп алышыбыз керек. Аны кантип коргойбуз? Мамлекеттик сыйлык, наам алып берип коргойбуз», — десе, «Мен албайм, баш тартам» деп жазып койгом да» деди Жыргалбек. Неге баш тартканын «Сыйлык башка, сый башка»,  («Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн) деген аталыш менен жазганынан окуп түшүнсөңүз болот. Ал бул ШИЛТЕМЕде.

Бурулкан САРЫГУЛОВА: «Бук» деген ырын окуп ыйлагым келди…»

Чоюн агайдан кийин сөз алган Бурулкан эже азыр адабиятчылар да, акындар да көп экенин, бирок Жыргалбекке окшогон чыныгы таланттар бийлик тарабынан бааланбай жатканын айтты. «Жыргалбек деген чоң талант, таланттын өзгөчөлүгү чындыгында деп ойлойм. Чындыкты айтып чыркырап жатат. Жыргалбектин дагы бир өзгөчөлүгү — жазганы менен адамгерчилиги шайкеш келет. Жакпаган жерине иштебей коет, «Азаттыкка» эки келип кетти. Себеби жандүйнөсүнө дал келбей калды, кетип калды. Чоюн агай айткандай, «Самурай кылыч – жүрөгүм» деген китебинде эмне деген ырлар жазылган. «БУК» деген ырын окуп алып ыйлагым келди…» деп, ошол ырды окуп берди.
Гүлдөрүн чачкан өрүгүм калды.
Күндөрү шашкан өмүрүм калды.
Көктөм жаз кайра чакырган менен,
Көп иштен чарчап, көңүлүм калды.
Айланам саздак, агалбай кенен,
Акыйкат жакка баралбай келем.
Максатсыз калган өмүрдүн ушул
Маанисин издеп табалбай келем.
Жүзүмдө турган кызылым кетип,
Жүрөктө жанган ысыгым кетип,
Туя албай турам өмүрдүн даамын,
Турмушка болгон кызыгым кетип.
Тергеним калды, жыйганым калды.
Телмире тиктеп, кыйганым калды.
Темирбей эрким бошогон менен
Теңирим берген ыйманым калды.

Кубат ОТОРБАЕВ: «Акыркы күндөрү керээз ырларды жазып жатасың…»

Андан соң Кубат Оторбаев сүйлөп, «мындай иш-чараны уюштуруу деле чоң иш» деп уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. «Асабада» Чоюн агайдай бир топ күчтүү, мыкты адамдар менен үзөңгүлөш болдум, көп нерсени үйрөндүм. Агай айткандай, Жыргалбек экөөбүз Улуттук университеттин босогосун чогуу аттап, гезитте да чогуу иштедик. Котормолорду берип турчу… Жыргалбектин атуулдук позициясы бар. Адилет акын. Ырлары мыкты. Бирок, акыркы кезде керээз ырларды жаза баштадың. Өмүрүң узун болсун!», — деп «КАЙРЫК» деген ырын көркөм окуп берди.

Жашоо зор.
Жаның чарчайт.
Үмүт балкыйт.
Жазмыштан жар чакырган үнүң таңшыйт.
Эзелки эскерүүлөр ээрчий басып
Эскирбес кайрандарын унуткансыйт.
Алыста аксай басып адам барат.
Асмандан жамгыр төгүп, булут самсыйт.
Жазмыштан качып жүрүп тайгаландың.
Жан-дүйнөм, жаралуу элең, кайда калдың?
Жамандын жармач атын камчыга алып
Жакшыга жоолук болуп саймаландың.
Бышпаган сөздөр менен алектенип,
Быркырап, быт-чыт болуп майдаландың.
Баш жөлөп кан жолдогу тал-кайыңга,
Баатырдай жалгыз жүрдүң ал жайыңда.
Бакыттын балын татсам деген тилек,
Балчыктын даамы калды таңдайыңда.
Акыйкат, адил жолго түшсөм дедиң,
А бирок аттиң, достум,
Азгырып шайтан турат маңдайыңда.
Чарчапсың азды көксөп, көптөн калып,
Чалкыган айдың-мейкин көктөн калып.
Сулууну суусатчу кашкөйлүгүң
Суурулуп суудан калкып, өрттөн жанып.
Көрсөтпөй көз жаш төгөт дилдеги арман,
Көөдөндө көкөй кескен көктөм калып.
Асмандан булбул сайрап, жолуңду ырдайт,
Асылын көксөп жүрүп көлүң кургайт.
Арманга мелт-калт толгон жарык дүйнө ээй,
Аттигиң, кайрылуунун жолун курбайт.
Алдыңда барса келгис мейкин күтөт.
Артыңда сансыз гүлдөр колун булгайт.

Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА: «Жыргалбек алгач апасынын ыр китебин чыгарган»

Кийинки сөз учун улаган Жолдош Турдубаев да Жыргалбектин сөзү, иши дал келген мыкты акын, мыкты аналитик экендигин баса белгилесе, Аида Эгембердиева Кыргызстан эгемендикти алганда адабиятка келген акындардын бири экенин, жаш кезинде эле сыйлык алганын, Жыргалбек, Кубат Оторбаев, Атахан Кожогулов, Жыпар Арыкова төртөө Табылды Муканов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушканын айтты.

«Жыргалбек энени баалай билген адам. Алгач апасынын ыр китебин чыгарган. Улуттук көркөм өнөргө өзгөчө салым кошкон кыргыздын сыймыктуу кызы, акын Шакен Мамбетаипованын “Көл боюна жүз келем» аттуу мыкты поэтикалык жыйнагын чыгарып, уулдук парзын аткарып, анан өзүнүн китебин чыгарды. Ал китеби колдон-колго өтүп окулган. Бүгүнкү күндө Жыргалбек ыр, публицистика, аналитика, макала, дегеле эмне жазбасын, окурмандар кууп окуйт. Биз аны социалдык сеттерге жарыяланган макаласын окуган элдин реакциясынан байкап жатабыз. Чоюн агай айткандай, Жыргалбектин жазганы мамлекеттик сыйлыктарга татыйт. Бирок Жыргалбек «сыйлыктарды толук жоюп салуу керек!» деп, кандай гана сыйлык-наам берилбесин, баш тартаарын жазып, жарыялап салбадыбы…» деп, чыгармачылык эргүү, ийгилик каалап, «АРМАН» деген ырын окуп берди.
Жарык отун жаккым келип Теңирдин
Жакшы күнгө жамгыр болуп себилдим.
Мезгилинде көп нерсени утсам да
Мен өзүмдөн далай жолу жеңилдим.
Өтөт турмуш таманында миң жолдун.
Өз дүйнөмдө өзүм менен бир болдум.
«Сунган колум сууп калбасын» деп жүрүп
Сулууларга сугумду артып тим болдум.
Жалдырасам жаштык мени күтпөдү.
Жайбаракат мүнөзүмө түтпөдү.
Же текөөрүм темир болуп кетпеди,
Же колумдан бир чоң жумуш бүтпөдү.
Жаш чагымдан эсте калган күн болдум.
Жалгыздыкта жарык күткөн түн болдум.
Жоокердиктин жобосунда жүрө албай
Жол боюнда жомок айтып тим болдум.
Канча мезгил жан-дүйнөмө гүл чыкпай,
Карап-карап кала бердим унчукпай.
Кайрат качып кайран гана жүрөгүм
Карып барат капастагы чымчыктай.
Көздөрү өтүп көктө жылган булуттан
Көңүлүндө көк чокулар турушкан.
Кааласа да асман бетин канчалык
Канат кантип серпилээрин унуткан.
Муундардын муңун, сырын жазданаар
Мурдагыдай асман тирейт аскалар.
Калтар кууган калыбынан өзгөрбөй
Кадимкидей каалгып жүрөт башкалар.
Артык болуп Атажурттун мойнуна
Алыс кетсем ай-ааламдын койнуна,
«Жаштыгына тойбой кеткен болчу» деп
Жан курбулар, жакшы эскерип койгула.
Ага чейин балким, далай көп күн бар.
Адамдарга асыл жарык төккүм бар.
Жомоктогу жортуулдарда жеңилбес
Жоокер сымак жолдуу жашап өткүм бар.
Муундарыма кубат толуп күчү аптап,
Мурдагыдай он тепкичти үч аттап
Жамалынан жаз жыттанган селкини
Жашагым бар өмүр бою кучактап.
Балким турмуш дагы далай бел ашат,
Балким жаштык дагы бир топ кен ачат?
Ай, ким билет, айтор ушул күндөрү
Үй күчүктөй бакма болгон жүрөгүм
Үмүттөрүн үзбөй жашап келатат.

Жыргалбектин апасы…

Жогоруда сөз болгон «Самурай кылыч – жүрөгүм», «Көл боюна жүз келем» китептери Эрнистин үйдөгү китепканасында турат. «Жыкем кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы сүрөтчү-прикладник, кол өнөрчүлөрдүн “Кыял” республикалык бирикмесин түзүүчүлөрдүн бири болгон Кыргыз Эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипова эжебиздин баласы. Билесиӊби?» деп текчеде тизилген китептер арасынан «Көл боюна жүз келем» деген китепти сууруп чыгып, «эжебиздин ырлары да эми укмуш, окусаӊ» деп мага бергенин эстеп отурганымда Нурлан капысынан эле мага сөз берип калбаспы….

«Эрнис жакшы адам болчу. Мыкты котормочу эле… Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын мыкты которгон. Кудай буйруса, быйыл чыгарабыз» деп Нурлан жүрөк жылытты.

«Жыргалбектин кечеси өтөт» дегенден бери эле «Эрнисим тирүү болгондо кубанып, өзү келмек, ушул жерде өзү отурмак…» деп, байымды эстеп жаман болуп отурган жаным, ыйга аралаш сөзүм жутулуп сүйлөй албай койдум… Абалымды баары туура түшүнүштү… Айтайын дегеним, «Мастер менен Маргарита» романын чыгаруунун алдында автордук укук боюнча Москвага кат жазып, Булгаковдун мураскери Шиловскийден уруксат кагазын Жыргалбектин жардамы менен алгам. Кимге, кайда кайрылуу керектигимди айтып, даректерди таап берген. Жыргалбек айткан тараптарга кат жазсам, жооп күттүрбөй эртеси эле келген. Жыргалбек, ал жардамың үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Эрнис АСЕК уулу: «Жыргалбектин да атасынын аты  Асек»

Жыргалбекти Эрнис аябай жакшы көрчү, сыйлачу. «Жыргалбектин атасынын аты да Асек» деп кубанып айтып калчу. Жыргалбектин өзүнөн бир маектешүүбүздө (08.09.2017. «Алакан”) жети атасын сурасам: «Өз атам Асек, кичине кезинде койгон аты Кубан болгон экен. Дарыгерликти аркалап, кыргыздардын ичинен эндокринология боюнча алгачкы жолу илим жактаган кишилердин бири болгон. Ал мен эс тарта электе эле өтүп кеткен, бизди апабыз жалгыз багып чоңойтту. Атамдын атасы — Касаболот. Анын атасы Райымбек, Райымбектин атасы Султа деген киши болгон. Султанын атасы Өмүрчү, өз учурундагы касиеттүү, көрөгөч киши болгон деп айтышат. Анын атасы Садык баатыр калмактарды Көл өрөөнүнөн сүрүп чыкканы, Кочкордон тартып Кытайга чейин кубалап келгени, убагында азыркы Барскоон айылын түптөп кеткени менен белгилүү. Кадимки Балбай баатырдын атасы Эшкожо экөө бажа болуп кетет, анткени экөө тең Атаке бийдин кызын алган. Айтылуу Тилекмат акенин энеси, Жылкайдардын зайыбы Садык баатырдын калмактардан колго түшүрүп келген туткун кыздарынын бири болгон. Садык баатыр Кенжебайдан. Кенжебай Мажиктин уулу. Мажиктин атасы Төрэштек, анын атасы — Бапа. Бапа Алсейиттин уулу. Алсейит, Тынымсейитти билесиңер, Мырзакулдун балдары, ал эми Мырзакул Орозбактынын баласы. Орозбакты менен Дөөлөсбакты Кылжырдын балдары. Ошентип, уруум -бугу, уругум — бапа. Бапа тукумдары негизинен Барскоон айылын жердеп турушат» деп жети атадан ашыра санжыраны айтып таңгалдырган.

Автордун окуусунда…

Стамбул
Сен өзү кызык шаарсың,
Көп киши көлөкөңдө тердеп жүргөн,
Көрсөм деп далайлары дегдеп жүргөн,
Байыркы гректерден
Азыркы арабдарга чейин келип
Ар кандай арбын улут жердеп жүргөн,
Истанбул… Царьград… Византия…
Абалкы Азияны
Эзелки Европага теңдештирген,
Түндүгүң ээлеймин деп түртүшкөнүн
“Түбү бир динсиңер!” деп элдештирген.
Жатасың албан түркүн эл кучактап,
Жардылар жер кучактап,
Төрөлөр сыйлуу жакта төр кучактап.
Үнөмүң андан кызык
Үй салган дөңдөрүңө дөңдү чаптап.
Көкөлөйт тардыгынан,
Көөнөргөн көчөлөрүң өр кучактап.
Дегеле кенебейсиң анда деле,
Деңизден куюп алып көл кучактап.
Жандырмак сырын катып,
Жайнашат мечиттериң
Жайма-жай жалаң гана көр кучактап.
Сен чакан кийимдейсиң
Селкилер көркөмү үчүн кысып кийген.
Таштарың үшүйт кышта
Талыкшып жайы бою ысып күйгөн.
Эзелки табышмактай
Элиң бар жашоону да кызык сүйгөн.
Эки саат бир чай менен маектешет
Эркектер эркелетип мышык сүйгөн.
Илебиң сырдуу сенин
Илгерки калып жаткан,
Иттери көлөкөдө талып жаткан,
Эртеңге умтулганы жапжаш туруп
Эскиси үбөлөнүп карып жаткан,
Кармаса балык саткан,
Кааласа чарык саткан,
Өзгөчө базарсың сен
Өмүрдөн башкасын бүт алып саткан.
Көзүмө кайда болсо урунганың –
Көп сүйлөп, көп иштеген кулундарың.
Көмкөргөн кайыктардын тумшугундай
Көрөмүн адегенде мурундарын.
Жашайсың жамап-жаскап,
Жаңыга эскисинин жулунганын.
Байыркы Лабиринттей
Башымды адаштырат булуңдарың.
Жандуусуң тынымы жок
Күндүзү күн куйкалап жарык тийген,
Түнкүсүн түмөн оттор жанып-күйгөн,
Айтылуу акындардай
Аялды акыл-эстен танып сүйгөн,
Жээгиңде, көпүрөңдө
Тирүүлүк шыбагасын күтүп турат
Тизилген ышкыбоздор балык сүйгөн.
Ак халат врачтайсың.
Адамдар агат сага,
Айыгам деген жарык үмүт кирген.
Өзгөчө калаасың сен,
Өлкөсү кубаласа
Өз элин жеген далай сүлүк кирген,
Өзүңдөн канча киши ыйлап чыкса
Өнтөлөп ошончосу күлүп кирген,
Ээлери жаңырса эле
Эскисин сүрүп кирген,
Айлампа иримсиң сен
Кудайдан жөө качканды
Кудайга жөө барганга бириктирген.
Көчөңдү көчөлөшүп,
“Көрдүңбү кечээ?” дешип,
Байбичем экөөбүз да
Байкалбай өткөн кезди эселешип,
Эми биз баратабыз,
“Эл көрсө эмне дейт?” деп тартынбастан
Элүүдөн ашкан кезде жетелешип.
Бурчуңда таң атканын,
Бул дүйнө шар акканын,
Булуттай өмүр өтүп баратканын,
Билсин деп бир өзүңө жиберди окшойт,
Билгени болсо керек Жаратканым.
Жээгиңде жүргөн сайын
Жуулуп, тегизделип,
Жумуртка сыяктанган
Жумуру таштай болуп барат жаным…

Урпактарга

Унуткарат мезгил чаңын себелеп,
Укпасаңар урушпайбыз, жемелеп.
Үзүлбөгөн үмүт болуп, тирүүлөр
Үстүбүздө турасыңар тебелеп.
Күрөө тамыр ысык канга жирелип,
Күрөштөрдөн бир тирилип, бир өлүп,
Күн көрүнбөй калган жерде жатабыз,
Күздө түшкөн жалбырактай күрөлүп.
Жатат мында жакын-алыс кишибиз.
Жасап кеткен жакшы-жаман ишибиз.
Кумга сиңген агын суудай алыбыз,
Кумурсканын мээнетиндей күчүбүз.
Бул турмуштун мыйзамы бар урагыс,
Бул дүйнөнүн сырлары көп, сурагыс.
Кыр-кырлардан сагынганда кайрылып
Кыргызча эле салам айтып турабыз.
Ушул жашоо — бүтпөс сүйүү, эрегиш,
Унутулган кайрыктарда келебиз.
Таштасаңар тамандарда тепселип,
Таянсаңар тамыр болуп беребиз.
Уучтап келип кайрат менен жигерди,
Урпактарым улантат деп бир элди,
Үнү угулбас алыс жолго баратып
Үрөн кылып таштап кеттик силерди…

Кемпирабад

Баркын билсең — комуздай чертиле алат,
Баалабасаң — башкалар кертип алат.
Мекен деген ушундай, алмустактан!
Мерчеми азыр – өзүңсүң, Кемпирабад.
Коңшулардын көп жылдык колкосунда,
Колтуктагы жүрөктүн толтосунда,
Жайкалчу элең талааны жайпап коюп,
Жалалабад, Ошумдун ортосунда.
Чөлдүн элин суусатпай бактың дагы,
Чөйчөк болуп далай жыл жаттың дагы.
Биздики эле, көлөчүң үстүңдөгү,
Биздики эле, көрпөчөң астыңдагы.
Көрүп турат көздөрү сокур деле.
Көп токтомдор сен үчүн токулду эле.
“Кетпесин!” деп өзүңдү, Өзгөн жактын
Кемпирлери кайтарып отурду эле.
Кемпир түгүл жаштарын укпай койду.
Кербездериң абакка тыкмай болду.
Өгөй уулдай пансион караштырган
Өзүң үчүн көпчүлүк чыкпай койду.
Кан ичердин таманын жалашкандар,
Каяша айтсаң иттерге талаткандар,
Каарып-кууруп отурат, катындарга
Каркырадан жумуртка тараткандар.
Төрүбүзгө кут болгон энебизди,
Төрдөн түртүп, чоочунга беребизби?
Алп Манасты оозанып не кылабыз?
Анча-мынча намыска келебизби?
Эртең кетсең башкасын кертип алат.
Эл-журтуңду чекеге чертип алат.
“Мен ушинтип жат элге жөнөймбү?” деп
Мелмилдейсиң жооп күтүп, Кемпирабад…

Жыргалбекти кумир туткан жаш акындар…

“Булак көрсөң көзүн ач” дегендей, Жыргалбектин ырларынан жана өздөрүнүн ырларынан да окуп кечеге катышкан жаш акындар Элгиза Бусурманкулова, Гүлкайыр Масеитова, Элчибек Маакеев, Жибек Сапар кызы, Албина Шерали кызы жана Ырыскелдини чоң акындардан кубат алган, эми-эми ачылып, бара-бара оргуштап акчу булактай элестеттим. Жаман эмес, кудайга шүгүр, ырларында жакшы табылгалары бар акындардын өсүп келатканына кубандык. «Жаш кезде ырды көп жазгыла, жаза бергиле. Насаат айтайынчы…» деп Кубат жылмайганда, «бириң керээз айтып, бириң насаат айтып…» деп  Нурлан тамашалады…

Айтмакчы, Жибек кызыбыз Жыргалбектин «Теңирим» деген ырын комуз коштой ырдап берди. Бул ырга обон салган ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев экен. Бул ырды Жакшылык Ынтымак уулу да өзүнчө обонго салып ырдап жүрөт.

Сыймык Бейшекеев Жыргалбектин «Өткөн жаздын гүлүнө» ырын да обонго салып, ырдап чыккан…

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Чоюн агай чынар терек, биз чырпыкпыз»

Дилазыгын мол берген иш-чара соңунда кече ээси Жыргалбекке сөз берилип, ал сөзүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен баштап, «Чоюн агай чынар терек болсо, биз чырпыкпыз» деди. Бали! Мына, жөнөкөйлүк, Жыргалбектин дагы деле өзүн чырпык эсептегени бизге да, жаштарга да үлгү го дейм.

«Сүйүү болсо сүрөтчүнүн дилинде,

Сүйлөйт сүрөт бардык элдин тилинде.

…Талант болсо акындардын дилинде,

Таңшыйт ыры бардык элдин тилинде» деп апаң, Шакен эже жазгандай, ырың бардык элдин тилинде таңшысын! Сага биз чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук каалайбыз!

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.