“Азаттык Медиа” чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрдү, соттук териштирөөлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
![](https://i0.wp.com/alakan.biz/wp-content/uploads/2020/10/ZHurnalisty-300x169.jpg?resize=300%2C169)
Алардын маалыматына караганда, “Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү. Бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу бардык соттук териштирүүлөр токтоду. “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат. Тийиштүү тынчтык келишими 12-июлдан баштап Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди.
Эске сала кетсек, Маданият министрлиги былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечимин чыгарып, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы – “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгонун билдирген. Кийин Азаттык ишин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Ал арыз быйыл 27-апрелде Ленин райондук сотунда каралып, “Азаттык» ишин токтоткон.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА