Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы эң прогрессивдүү федерация деп таанылды

Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы эң прогрессивдүү федерация деп таанылды

Ушу тапта (12-16-июль аралыгында) Таиландда Азия чемпионаты өтүп, ага Кыргызстандан тандалган спортчулар катышып, өлкө намысын коргоп жатышат. Мелдештер  Бангкоктогу даңазалуу “Супачаласай” улуттук стадионунда өтүп жатат. Азия чемпионатына улук машыктыруучу Татьяна Ефименко жана машыктыруучу Сатыбек Чокаев баштаган устаттар спортчуларды баштап барган.

Таиланддын борбору Бангкок шаарында 25-Азия атлетика конгресси (11-июлда) “Chatrium Grand Hotel” мейманканасында Азия жеңил атлетика ассоциациясынын шайлоо жыйыны өтүп, Кыргызстандын атынан жеңил атлетика федерациянын президенти Канат Аманкулов жана башкы катчы Мелис Надыров катышты.

Конгрессте Азия континентинде жеңил атлетиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкону үчүн Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Канат Аманкуловго лидерликтин алтын белгиси ыйгарылды.

Ошондой эле Мелис Надыров Азия ассоциациясынын юбилейлик медалы менен сыйланды.

Дагы кулак сүйүткөн жакшы кабар!  Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы Азиядагы прогрессивдүү, активдүү уюму  катары бааланып, атайын сыйлыкка арзыды.

Эске сала кетсек, Нурсултан Кеңешбеков (1500 метрге чуркоо), Муслим Жоломанов (800 метр жана 1500 метр), Тимур Исаков жана Сабина Батаджиева узундукка секирүү боюнча мелдештерге катышууда.  Спортчуларга ийгилик, жеңиш каалайбыз!

Кабыл МАКЕШОВ,

 Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.