АРХИВ: Чыныбай Турсунбеков мекен сакчылары менен ырдап… «Жылдыздуу жээктеги» жеңүүчүлөр…

АРХИВ: Чыныбай Турсунбеков мекен сакчылары менен ырдап… «Жылдыздуу жээктеги» жеңүүчүлөр…

Артыңда эстеген адам болсо кандай жакшы!

“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, акын, адабиятчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери (2016-2017-ж.ж.) Чыныбай Турсунбековдун (1960-2020) көзү өткөндөн бери үй-бүлөсү маркумдун эмгегин элдин эсине салып, эскерип, экинчи өмүрүн узартышууда… Жубайы Нуржан Тентимишова, кыздары Айдай («Акун» фирмасынын башкы директору) менен Бегимай («Акун Ысык-Көл» пансионатынын директору) жана уулу Эржан атасынын атын өчүрбөй, түбөлүк сактап калуу үчүн Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд ачып, жыл сайын республикалык «Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлык» сынагын уюштуруп, сыйлыктарын тапшырып келишет.
Мына, быйыл дагы көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде, маркумдун жаркын элесине арналган  «Жылдыздуу жээк-2023» поэзия фестивалын үчүнчү жолу өткөрүшүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырышты. Аталган фонддун маалыматына караганда, «Чыныбай Турсунбеков адабий сыйлыкка жарыяланган акындар сынагы» жана «Мен дүйнөгө баланын көзү менен карайм» эссе жазуу сынагына өлкөбүздүн бардык аймагынан жана чет өлкөдөгү мекендештерден 18 жаштан 45 жашка чейинки 113 калемгер катышып, алардын арасынан жогорку упай алган 5 финалист жеңүүчү болгон.
Поэзия боюнча баш байгени акын Нуриза Өмүрбаева жеңип алган. Ага диплом, лауреаттык статуэтка жана 100 000 сом ыйгарылган.

1-орунду Махабат Касейинова (диплом, статуэтка, 50 000 сом), 2-орунду Айзат Кудайберди кызы (диплом, 30 000 сом), 3-орунду Чыңгыз Рыскелдиев (диплом, 20 000 сом) жеңип алган. Ал эми эссе жазуу сынагы боюнча 1-орунду Айпери Жолболдиева (диплом, статуэтка, 30 000 сом), 2-орунду Айтолкун Алтынбекова (диплом, 25 000 сом), 3-орунду Ишенгүл Талантбекова (диплом, 20 000 сом), 4-орунду Арлен Нурланов (диплом, 15 000 сом), 5-орунду Жетиген Адилбек уулу (диплом, 10 000 сом) , 6-орунду Сезимбек Маматибраимов (диплом, 5000 сом) ээледи. Ошондой эле Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишовага Маданият министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Баса белгилей кетчү нерсе, жыл сайын уюштурулган “Жылдыздуу жээк” фестивалы Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурулуп келет.

Баса…

Калыстар тобуна кызыккандар үчүн маалымат. Алар төмөндө:
1. Акбар Рыскулов – Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, калыстар тобунун төрагасы.
2. Бурулкан Сарыгулова – акын, журналист, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл агартуунун отличниги.
3. Атантай Акбаров – акын, обончу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
4. Болотбек Таштаналиев – акын, журналист.
5. Аскар Медетов – филология илимдеринин кандидаты.

Сынакка катышкан авторлордун аттары жашырылып, атайын номер менен калыстарга тапшырылган. Алар купуялуулугу сакталган чыгармаларды окуп чыгып, бааларын беришкен.

Чыныбай ТУРСУНБЕКОВ: «Момпо салган апамдын, Кемсели эле жыттанат…»

Дүйнөнү каптаган куураган коронавирус илдети филология илимдеринин кандидаты, Айтматов Академиясынын академиги, акын Чыныбай Турсунбековду да алып кеткен. 2020-жылы Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, пневмония дартынан улам каза болгон. Маркумдун үй-бүлөсү жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, палатага которуларын күтүп жаткан учур эле… Тилекке каршы, 6-июлда абалы кескин начарлап, 7-июлда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

«Жүрөктөгү жаңырык» (1985), «Шаарда жоголгон сөз» (1993), «Жалын тоо» (2014) деген үч поэтикалык жыйнактын автору Чыныбай Турсунбеков чыгармачыл адам эле. Ал «Манас» эпосу боюнча үч тилде чыккан түстүү альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу болгон. Түрк тилинен кыргызчага Нихат Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын жана «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» аттуу эки томдукту которгон. Мыкты акын эле.

АПАМ

Карындашым Нуржандан
Кат жаздырат: “Балам” – деп.
“Кандай окуп жүрѳсүң?
Биз жатабыз аман” – деп.

Бѳбѳктѳрүң чоңоюп,
Кол-арага жарады.
А биз карып калсак да
Үйгѳ жатпай калалы.

Тырмалаңдап колхоздун
Ишин кылган болобуз,
Эртели-кеч олтуруп
Силерди ойлоп коёбуз.

Балам, деги курсагың
Ачкан жокпу, токсуңбу?
Тыйын-тыпыр жагынан
Кысталышкан жоксуңбу?

Кѳптѳн бери түшүмѳ
Кирчү болдуң, каралдым,
Барып-келип үйүнѳ
Жүрѳсүңбү агаңдын?

Гүлжандан кат кечикти,
Улуу байке-жеңеңдер
Алып келип балдарын
Учурашып кетишти.

Баса, балам, уюбуз
Түндѳ музоо тууптур.
Атаң чыкса эшикке
Жаңы эмизип туруптур.

Ырас болду, каралдым,
Сүзмѳ куюп беремин…”
А кат кантип бүтѳѳрүн
Болсо жатка билемин.

“Болуптур, — дейт, — кулунум,
Кыштак тегиз жатыптыр.
Атаң менен апаңды
Унутпай кат жазып тур”.

Ортосунан бүктѳлгѳн
Ушул каттар топ барак
Момпо салган апамдын
Кемсели эле жыттанат…

ИЗ

“Жээгине издин
гүл тигишип
жүрүптүр кумурскалар.
– Кимдики? – деп сурадым
алардан мен.
Бир ооздон:
— Дыйкандыкы! — дешти мага.
– Ка-арк.
– Калп! –
Каргалар каркылдашты.
Башкарманыкы экенин
далилдешти.
– Бригадирдики! –
Чымчыктар чырылдашты.
Чыйпылдаган чычкандар:
– Милиционердики! –
деп жатышты.
Сагызган талдан талга,
бутактан бутактарга
учуп-конуп:
– Билбейм, билбейм! –
дегенден башканы айтпайт.
Кечти күтүп,
ай-жылдыздан сурасам:
– Ѳлүп калган дыйкандыкы! –
дешти алар,
анан аста
жылып кирип кетти алар.
Кең талаада
атамдын изи жатты.
…Эңкейип ѳптүм аны”

Бөөгө айланган дөө жөнүндө ыр

Дөө деп жүргөн адамым бөө экенин,

Аны жандап жүргөндөр чөө экенин,

Аларга мен сордуруп өркөчүмү,

Арасында жүргөн бир төө экемин, —

Десем досум күлгөнсүң кыткылыктап,

Кыйын эмес каткырыш, кыткылыкташ,

Каршы чыксам бир ирет ошол бөөгө,

Чөөлөрүнө заматта кеттиң ыктап.

Мен аныңа кенедей кайгырбадым,

Билип турам анткени жандырмагын:

«Жакындасам канчалык — мен ошончо,

Бөөдөн алам жашоонун жан жыргалын» —

Деген үмүт турганда көкүрөктө,

Турдуң ага сен дагы өчүрөткө.

Келип калаар кезегиң аман жүрсөң,

Чөөлүгүңө эгерде көзү жетсе —

Ырылдаса кошулуп тырыңдасаң,

Кыжыңдаса кошулуп мыжыңдасаң,

Атаң, апаң, досуң да ошол болуп,

Башка эч бир адамга сыйынбасаң!

Дөө деп жүргөн адамың бөө экенин,

Аны жандап жүргөндөр чөө экенин,

Сүйкөнөм деп ойлосоң сен аларга,

Сүйгөн жалгыз боёгу көө экенин

Унутпагын!

АРХИВ: Чыныбай Турсунбеков ырдап…

Бул видео 2018-жылдын 29-октябрында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюшулган иш-чарада тартылган. Андагы Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов тууралуу мекен сакчыларына учкай айтып берип, ырдап, аягында Бишкек шаарындагы аскер институтунун китепканасына залкар жазуучунун китептерин тапшырган. Быйыл да залкар жазуучубуздун 95 жылдыгына карата арналган иш-чаралар өтүүдө… Чыныбай агабыз тирүү болгондо иш-чараларга катышмак экен…

Эрнис АСЕК уулу: «Чыныбай агайдын бир ыры эстен кетпейт»

Чыныбай агайды жазып жатып, 2013-жыл эске түштү. Жолдошум Эрнис (Асек уулу) (1970-2020) экөөбүз «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жатканда, андагы Жогорку Кеңештеги депутатынын кабинетине барып жолукканбыз. Биз киргенде эле ордунан тура калып, Эрнис менен учурашып, «Агаңа аябай окшошуп калыпсың. Мелис Эшимкановду (1962-2011) көргөндөй болдум, ал кирип келаткандай эле сезилди мага… » деп Мелис байкенинин журналистикадагы, саясаттагы ордун айтып, «жаш кетип калды…» деп кейиди эле…

Жолдошум: «Агай, мен «Асабаны» чыгарганы жатам» десе эле, шашкалактап, телефонду колуна кармап: «Азыр мен тийешелүү адамдарга чалып, чакырайын. Гезитти беребиз»,- деди. «Жок, агай, сиздер чыгарган «Асабанын» кереги жок. Мен агамдын аманатын аткарып, «Эски Асабасын» «Баягы Асабага» айлантып чыгарганы жатам. Жубайым Назира, орун басарым, ушул жылы баш кошконбуз, эми биргелешип гезит чыгарганы жатабыз. Назирага интервью берип койбойсузбу, 1-санга чыгаралы» десе эле, кубанып, «Баш кошконуңар жана «Асабанын» чыгып жатканы менен куттуктайм! Бактылуу болгула!» деп эле Эрнисти куттуктап, колуна акча кармата (10 миң сом экен) салса болобу… «Албетте, интервью (интервью берген, 1-саныбызга чыккан — авт.) берем, бирок азыр эмес… Мелистин аманатын аткарып жакшы иши кылып жатыпсың. Ийгилик!» деп узатты эле…

Жолдо келатканда Эрнис: «Менин агайым. Бизге сабак берген. Ырды жакшы жазат. «Бойдокчулук… көчөгө ойноп чыгып, бир кызды сүйүп калгым келет» деген ырынын ушул саптарын студенттер жатка айтаар элек» деп күлдү… Кандай гана бактылуу жылдар! Экөө тең тирүү…. Экөө тең бир жылда, каргашалуу 2020-жылы кетет деп ким ойлоптур?!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп Эрнисим жазып кеткендей, силер болгонсуздар жана болосуздар. Биз үчүн барсыздар! Дегеним эми силер биздин, таанып-билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайсыздар. Жаткан жериңиздер жайлуу болсун!
Башкысы — артыңда издеп алаарың, эскерип алаарың бар экени кандай жакшы!
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.