Асейин Аракеев бүгүн акыркы сапарга узатылат (Дарек)

Асейин Аракеев бүгүн акыркы сапарга узатылат (Дарек)

Көрүнүктүү окумуштуу, саясий-коомдук ишмер Аракеев Асейин Абдраманович бүгүн акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу жакындарды билдиришти. Алардын айтымында, Асейин Аракеев 29-июнда таңкы саат сегизде көз жумган. Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 1-июлда туулган жери Нарын районунун Дөбөлү айылында өтөт.

Техникалык илимдеринин кандидаты, доцент Асейин Аракеев 1948-жылдын 3-июнунда Нарын областынын Нарын районунун Дөбөлү айылында туулган. Жогорку билимдүү. Көп кызматтарда эмгектенген. Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, “Кыргызстан – Араб өлкөлөрү менен достугу” коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын эл аралык соода жана маркетинг ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын коммуникациялар, транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы болгон. “Теңир Тоо – Нарын Ынтымагы” коомдук бирикмесинин президенттик кызматында, “Кыргызстан – Кытай достугу” коомунун төрагасы, Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары , «Монолдор» коомунун төрагасы болуп эмгектенген.  «Монолдор» коомун түптөө жана уюштуруу боюнча зор иштерди турмушка ашырган.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.