БШКнын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда кайрадан шайлоо 10-сентябрда өтөт. Талапкерлердин арызы 10-августка чейин кабыл алынат. Каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Талапкерлердин саны 26га жетти.
Талапкерлердин тизмеси:
- Эртай Искаков, «Япошка үчүн» коомдук бирикмесинин төрагасы;
- Алмаз уулу Аскар, «Эл Үмүтү» саясий партиясынын төрагасы;
- Эркин Булекбаев, «Жашылдар» партиясынын лидери;
- Роман Ремнёв, коомдук жана саясий ишмер;
- Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын мурдагы депутаты, ажы;
- Куттубек Асылбеков, пенсионер;
- Назарбек Нышанов, дарыгер, хирург-онколог;
- Сулайман Мамаев, мамлекеттик кызматкер;
- Токтогул Какчекеев, пенсионер;
- Жаныбек Абиров, ЖКнын мурдагы депутаты, «Строй Ленд» компаниясынын директору;
- Русланбек Тагаев, убактылуу эч жерде иштебейт;
- Бакыт Шаршембиев, «Медутиль» ЖЧКнын башкы директору;
- Нургүл Сооронбаева, дарыгер-педиатр;
- Мурат Эсенаманов, убактылуу эч жерде иштебейт;
- Ыргал Кадыралиева, убактылуу эч жерде иштебейт;
- Ханзада Осмоналиева, Коргоо министрлигинде аскер кызматкери;
- Жамалбек Ырсалиев, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору;
- Аттокур уулу Илимбек, убактылуу эч жерде иштебейт;
- Таалайбек Кермалиев, «Арпа-Бишкек» компаниясынын коммерциялык директору;
- Кубанычбек Самаков, «Биопром» компаниясынын башкы директору;
- Чыңгыз Капаров, убактылуу иштебейт;
- Жеенбек Искендеров, убактылуу иштебейт;
- Карачач Исмаилова, Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында мугалим;
- Руслан Ажыбеков, убактылуу иштебейт;
- Нургүл Аднаева, КЭУ Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси;
- Бактыбек Рысалиев, убактылуу иштебейт.