Кайра ШАЙЛОО: Талапкерлердин саны 26га жетти (Тизме)

Кайра ШАЙЛОО: Талапкерлердин саны 26га жетти (Тизме)

БШКнын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда кайрадан шайлоо 10-сентябрда өтөт. Талапкерлердин арызы 10-августка чейин кабыл алынат. Каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Талапкерлердин саны 26га жетти.

Талапкерлердин тизмеси:

  1. Эртай Искаков, «Япошка үчүн» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  2. Алмаз уулу Аскар, «Эл Үмүтү» саясий партиясынын төрагасы;
  3. Эркин Булекбаев, «Жашылдар» партиясынын лидери;
  4. Роман Ремнёв, коомдук жана саясий ишмер;
  5. Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын мурдагы депутаты, ажы;
  6. Куттубек Асылбеков, пенсионер;
  7. Назарбек Нышанов, дарыгер, хирург-онколог;
  8. Сулайман Мамаев, мамлекеттик кызматкер;
  9. Токтогул Какчекеев, пенсионер;
  10. Жаныбек Абиров, ЖКнын мурдагы депутаты, «Строй Ленд» компаниясынын директору;
  11. Русланбек Тагаев, убактылуу эч жерде иштебейт;
  12. Бакыт Шаршембиев, «Медутиль» ЖЧКнын башкы директору;
  13. Нургүл Сооронбаева, дарыгер-педиатр;
  14. Мурат Эсенаманов, убактылуу эч жерде иштебейт;
  15. Ыргал Кадыралиева, убактылуу эч жерде иштебейт;
  16. Ханзада Осмоналиева, Коргоо министрлигинде аскер кызматкери;
  17. Жамалбек Ырсалиев, «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору;
  18. Аттокур уулу Илимбек, убактылуу эч жерде иштебейт;
  19. Таалайбек Кермалиев, «Арпа-Бишкек» компаниясынын коммерциялык директору;
  20. Кубанычбек Самаков, «Биопром» компаниясынын башкы директору;
  21. Чыңгыз Капаров, убактылуу иштебейт;
  22. Жеенбек Искендеров, убактылуу иштебейт;
  23. Карачач Исмаилова, Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясында мугалим;
  24. Руслан Ажыбеков, убактылуу иштебейт;
  25. Нургүл Аднаева, КЭУ Эл аралык медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси;
  26. Бактыбек Рысалиев, убактылуу иштебейт.

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.