Акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган курс ачылды. Кимдер сабак берет?..

Акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган курс ачылды. Кимдер сабак берет?..

Нуриза ӨМҮРБАЕВА: «Адабий билимимди жогорулатам дегендерге эшигибиз ачык!» 

Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун базасында акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курс ачылды. Бул тууралуу аталган курста иштеп жаткан акын кызыбыз Нуриза Өмүрбаева билдирди. Ал курстун максаты, багыты, жол-жобосу боюнча буларга токтолду:

— Эки жылдык курс Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун үлгүсүндө филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаеванын демилгеси, окуу жайдын көмөгү менен, кыргыз адабиятынын 100 жылдыгынын урматына карата ачылды. Москвадагы институтта кайсы сабактар окутулса, Кыргызстанда да так ошондой сабактар өтүлөт. Москвадагы институт дүйнөлүк жана орус адабиятын окутат, кыргыз адабияты окутулбайт.

Эки жылдык жогорку адабий курстун башкы максаты — чыгармачыл адамдардын адабий билимин өстүрүү, аларга шарт түзүп берүү; кыргыз адабиятынын деңгээлин көтөрүү; адабият аркылуу улуттун деңгээлин көтөрүү. 

Курстун дагы бир артыкчылыгын баса белгилей кетсем, биринчиден, дүйнөлүк адабият кыргыз тилинде окутулат; экинчиден, М.Горький атындагы адабият институтунда окугусу келгендер оголе көп, бирок, ошол көздөгөн максаттарына жетпей, кыял бойдон калып калууда… Мурда, союз учурунда, бул жакта окуйм дегендерди өкмөт каржылап окуганга шарт түзүп берчү да, туурабы? Азыр анын бири да жок. Ар ким өз чөнтөгүнөн төлөп окумай… Анын үстүнө кымбатчылык да күч алды. Москвадагы институтта окуу баасы 150 миң сомго чыккан. Бул окуусу гана, андан башка канча деген чыгымдары бар… 

Андыктан ошол Москвада окугусу келген акын-жазуучуларга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Өз жеринде, өз тилинде кыргыз адабиятынан дүйнөлүк адабиятка чейин окутулат… Баасы да арзан, бир жылга 50 миң сом. Окуу саат-убактысы каалоочулар үчүн да ылайыктуу: алар кечкисин, саат 16:00дон 20:00го чейин окуй алышат.

Илим чөйрөсүндөгү аттуу-баштуу, атактуу агай, эжелер сабак беришет. Үмүт Култаева эжебиз, Сулайман Кайыпов агай баш болгон мугалимдер жазуучулук, котормочулуктун терең сырларын үйрөтүп, кыргыз фольклорун терең окутушат. Академик, профессорлордун лекциялары, машыгуу сабактары окулуп, мастер-класстар өткөрүлөт. Дөө-шаа акын, жазуучулар менен жолугушуулар болот. Төрт күн лекция окулса, бир күн чыгармачылыкка арналган күн болот. Тагырагы, бир күн окуп жаткан акын, жазуучулардын чыгармачылыгына арналат. Алардын жазып келген чыгармалары талкууланат. Презентациясы болот…

Эми курска тапшыруунун жол-жобосун учкай айта кетсек, жогорку билими бар деген диплом, паспорттун көчүрмөсү, басмадан чыккан китептери кабыл алынат. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уруксат алынып, кабыл алуу өнөктүгү башталды.

Билимин тереңдетем, өз адабиятыбыздын деңгээлин жогорулатам дегендер  документтерин тапшырышууда…. алсак, акын эжебиз Айгүл Тоголокова эжебиз тапшырып кетти. Белгилүү калемдештерибиз да тапшырууда… Жаш курагы чектелбейт! Адабий билимимди, адабияттын деңгээлин жогорулатам деген калемдеш замандаштарыбызга жогорку адабий курстун эшиги ачык! Байланыш телефонубуз: 0990 556 375; 0700 378 811… 

Назира СААЛИЕВА

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.