Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Улуу-кичүү аралашкан тыгында, Уйкусурап жолдо барат эл бүгүн…»

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: «Улуу-кичүү аралашкан тыгында, Уйкусурап жолдо барат эл бүгүн…»

Курч, мурч жазганы менен коомчулукка жаккан журналист, котормочу, акын Жыргалбек Касаболотовдун ырларын сагындыңыздарбы? Анда эмесе, жапжаңы ыры алдыңыздарда!

ЗАМАНА

Шылтоо таппай топчу менен бүчүдөн,
Шымын кийсе көйнөк кийбей үшүгөн,
Чыргоо мүнөз неберемдин, мектептен
Чыр чыгарып баш тартканын түшүнөм.

Таенем да мени узатып көчөгө:
«Таң атканда жанды койбойт эч эле.
Өкмөт болгон өлүгүңдү көрөйүн…
Ойноп эле жүрчү маалы!» дечү эле.

Оюн калып, уйку калып үйдөгү,
Ошол тартип камыр кылып ийледи.
«Эки» алдырган эсимде жок эсептер
Эмгичекти эч кереги тийбеди.

Теребелде машинелер жайнаган
Телефонго назарыңды байлаган
Жаңы заман жаңылыгын кылса да
Жаа жасагым келе берет кайрадан.

Эмитеден сандар алып мазасын,
«Эртели-кеч тапшырмасын жасасын.
Он эки жыл окуйт!» деген замандын
Ойноок балдар өтөп жатат жазасын.

Уучтай кармап убаранын теңдигин,
Унутушуп бар дүйнөнүн кеңдигин.
Улуу-кичүү аралашкан тыгында,
Уйкусурап жолдо барат эл бүгүн…

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.