Апамсыз аткан ак таңдар…
“Энени жоготуу – өмүрдүн жарымын жоготуу”
Чыңгыз Айтматов
деп улуу жазуучу айтып кеткендей, алтын апамдан ажырагандан бери чачты ак аралап, бетиме бырыш жайнап картая түштүм. Алтын апабыздын ар бир чачы ар бир баласы үчүн канча жолу агарды экен дейсиң… Азыр ойлосом, ошо ак чачтары, бырыштары баскан жолу тура… Өткөргөн өмүрү өзүнчө эле бир чоң бир китеп. Ошо китептин башатын баштап, туулган күнүндө эскерип олтурам…

“Бүгүн апамдын туулган күнү. 76 жашка чыкмак…” деп көзүмө жаш алып, таң атпай Клара сиңдимдин дагы жүрөгүн ооруттум…
Аттиң арман десе, апамды таң атпай куттуктоонун ордуна минтип багыштап куран окуп калабыз деп эч ойлогон эмеспиз. Апамдын ак батасы менен ишке жадырап-жайнап жөнөчү элек… Бу жолу куран окуп, жашып, ыйлап, бири-бирибизге көңүл айтып, караанына зар болуп отурабыз.
Мезгил менен катып калган сүрөттөр, бактылуу мүнөттөр…
Таң атпай Москвадагы Гүлнур келинибиз мезгил менен катып калган сүрөттөр менен жүрөктү сыздаткан сөздөрдү жиберди. Апамдын жаркылдап түшкөн сүрөттөрүн карап отуруп, андагы бактылуу мүнөттөр эске түштү…
Анан эле айылдагы Мирлан инимден армандуу баян-ыр келди:

Алтын апам, асыл апам,
Сизди эстеп ичтен сызып атам.
Аттиң арман,
Ушул күнү сизге каалоо айтчу элек,
Көз жаш менен эскерип жатам.
Асылым, ардагым, алтын апам,
Ар дайыма жашайсыз жүрөгүмдө.
Түшүмдө жүргөндөйсүз жанымда,
Ойгонуп таппай карай берем жан-жагымды.

Өмүрүңүздү балдарыңызга, неберелериңизге арнадыңыз,
Илимге басым жасап, баарыбызды билимдүү кылдыңыз.
Ошо кылган жакшылыктарыңыздын үзүрүн көрсөңүз гана,
“Аттиң, бири кем дүйнө” деп,
Арманыбыз ичибизде кайнап турат.
Апакем, асылым, Жаратканым жаннаттан жай берсин!
Ар дайым элесиңиз жүрөгүбүздө жашай берсин!
Апамдын ыр жазган талантын тарткан ушу элеттеги иним. Апам ыр жазчу, бирок, аны эч кимге окутчу эмес. Биз гана таап алып окуп калбасак, “жаздым, окучу…” дечү эмес.

Апамдын бул ырын каза болгондон кийин сумкасынан таап алып окуп, ыйлап калдым.
Агарып чачтын карасы,
Ачылат тиштин арасы.
Жаш бойдон эле жүрчү элек,
Карылык келди, карачы.

Модалап көйнөк кийчү элек,
Олоң чачты төбөгө түйчү элек.
Пенсия күтүп каларды,
Аттиң ай, кайдан билчү элек.

Каштарга сурма койчу элек,
Шиш такаларды кийчү элек,
Маасы, кепич кийерди,
Ал кезде кайдан билчү элек…
Ырас, апам жаш кезинде модалуу кийинип, эркелеп үч агасынын ортосунда чоңойгон экен. Себеби, таята, таянемдин Кудайдан тилеп алган жалгыз кызы болуптур. “Кыздарыбыз токтобой жатат, токтоп калсын” деген аруу тилек менен Токтобүбү деген ысымды ыйгарышыптыр. “Аман болсун» деп Аманбүбү да дешчү экен. Атасынан кичине кезинде эле ажырап, көрбөй калганын арман кылчу…
Бирок, апам эрке өспөптүр. Абдан акылдуу, зээндүү өсүп, жакшы окуптур. Келечекте доктур болом деген кыялына жетпей калыптыр. Себеби, атам ала качып кетип, айылда кара жумуш менен калып калган. Багына баш ийип, “балдарым билим алсын” деп тилек кылып, бизди жакшы окутту. Эсимде, кошуналар ала кийиз, шырдакка оюмду жакшы салат деп чакыра беришчү. Ал учурда кийиз жасап, шырдак шырып, аны бышырып, тептирчү эмес беле… Кийизди далай тептик го… Барган жагына бизди ала барып, бир четке отургузуп коюп сабагыбызды аткартчу.

Өзү врач болбой калгандыктан, мени далай жолу медициналык окуу жайга тапшырта берчү… өтпөй калганыма кубанчумун… Себеби мен журналист болгум келчү. Ошо тилегиме жетип журналист болдум. Гезиттерден жазганымды окуп аябай кубанчу. Бирок, аны көтөрө чуркачу эмес, “менин кызым жазды” деп. Апамда мактануу деген жок болчу. Эгерим бирөө менен урушканын да көргөн жокмун. Оор басырыктуу, салабаттуу, сабаттуу, үйдөгү мугалим болчу алтын апам. Биз үчүн каерде гана иштеген жок, учурунда колхоз талаасына чыгып тамеки отургузуп, багып, терип, тизип, атам менен кой багышып чабан да болду. “Талаадан тезек терип жүргөндө учкан жыландар бар болчу” деп айтса, ал бизге жомоктой эле сезилчү. Апам менен
далай кой сарайларга барып көң каңтарышып калдык. Тамеки терип, тизип калдык. Таянем каза болгондон кийин баккан апам (чоң энем): “Сен бир үйдүн улуу кызысың, апаңа жардам кыл!” деп айылга окутканы алып барган. Анда мен Кемин шаарчасында (мурунку Быстровка) окучумун.
8-класста айылга барып окуп, апамдан тиккенди, кийим токуганды үйрөндүм. Албетте, апама жетпейбиз да ал жагынан… Бизге мода менен түрлүү көйнөктөрдү тигип берчү. Кийим, байпак токуп берчү. Курак курап, төшөк жасап, сайма сайып, шырдак шырып, кыскасы, колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Турмуштагы кыйынчылыкты билгизбеген бийик адам эле. Атамдан эрте калды. Мен студент, кичүү иним 1-класста окучу. Атамдын ашы өткөнчө аза күтүп эч жакка чыккан жок. “Балдарым жетим калды” деп бирөөдөн бир нерсе сураган жок. Жок деген сөз оозунан чыкпай, жоктон бар кылып жиберген алтын апабыз бар эле…
«Бир гана апам мени чанып кетпейт»

“Энелүү жетим эрке жетим” дегендей, эрке жетим болуппуз. Элден кем калтырбай кийинтип, окутту, жакшы тарбия берди. Апам бар эч нерсе билбеппиз. Дегеним, атам каза болгондогу кичинекей иним үйлөндү. Апам жок болгондон кийин улуусу мен да. Кудагый менен жолуктум. Тууган кеңешке барып келдим. “Апамдан жаңы эле ажырап калдык, апамсыз 4 ай агарган таңды үшкүрүк менен тосуп алып жатабыз. Апамдын топурагы сууй элек, көз жашыбыз кургай элек. Андыктан азырынча той бере албайбыз. Апамдын ашынан кийин… азырынча алдыңарга түшүп барабыз” деп айтсам, кудагыйым түшүндү. Көрсө, кудагыйым дагы мендей жесир экен. Эки жыл мурун апасынан, жолдошунан ажырап калыптыр. Менден бетер жашык экен. Алдына түшүп барганда, араң турган жанымды бекем кучактап ыйласа, мен да ыйлап, бир саам кучакташып турдук… “Апам өзү баштап келсе жакшы болмок. Кантейин, АПА, тилегиңиздин бири аткарылып көкүрөк күчүк балаңыз үйлөнүп жатат. Былтыр эле эмки жылы күзүндө үйлөнөм дебеди беле, ошону аткарып жатат, АПА. Экөө Германияда. Онлайн тойчук болот. Сиз болгондо баары башкача болмок… чоң той болмок…” деп ичимден сызып, элге көрсөтпөй ыйлап барган элем…
Куда тарап абдан жакшы адамдар экен! Тектүү, акылдуу, түшүнүктүү, маданияттуу куда-сөөктүү болдук, АПА. Жараткан бизге эң сыйлуу, жүрөгү кенен кудаларды туш кылды. Балаңызды өз баласындай кабыл алып, ак баталарын беришти. “Кабыл болсун! Эки жаштын бактысы бизди өмүр бою сыйлаштырган асыл кудалардан кылсын!” деп Жараткандан тилеп отурам.
Кудалар жаш ырчыларды чакырышкан экен. Алар «Бир гана апам мени чанып кетпейт» (Сөзү: Нуркыз Рыскул кызыныкы. Обону: Баян Акматовдуку) деген ырды ырдап, ыр аягына чыкканга чейин көзүмдөн жаш токтогон жок.
Чачымды тарасам да, тарабасам,
Күзгүнү карасам да, карабасам,
Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт.
Кийимим жупунубу, ашкереби?
Жашоомо кыш келеби, жаз келеби.
Бир гана апам мени сүйүп турат,
Бир гана апам мага ийип турат.
Чөнтөгүм жукасында, калыңында,
Тагдырым караңгыда, жарыгында,
Бир гана апам жолум аттап кетпейт,
Кыйындык башка түшсө таштап кетпейт.
Кыялым жакшысында, жаманында,
Кыя албайт себеби ага баламын да.
Апакем жалгыз адам, жалгыз адам,
Апакем чындап мени айаарым да

Алтын АПА, эки тилегиңиз аткарылды. Бири – Мээримди келин кылып алуу эле… Экинчиси Райан небереңиз “Акылман” президенттик лицейине өтүп, жакшы окуса… дегенсиз. Ал дагы аткарылды. Тапшырганын уккансыз, бирок, арман, өткөнүн укпай кеттиңиз. Аябай кубанмак экенсиз. Сиздин кыркылыгыңызды өткөргөн күнү “Акылманга” өттү деген жакшы кабар келди. Азыр Райан мектебинин ар бир иш-чарасына да активдүү катышып, грамоталарды алып атат. Жакшы окуп жатат, АПА!

Алтыным Райан, Акак, Каухар дагы ыйлап жүрүшөт, сизди жоктоп… “Апам жанымда жүргөндөй эле болуп жатат. Түшүмө кирип, уктап жатсам, үстүмдү жаап кеткендей эле болууда…” деп Салимага чалыптыр Райан. Демек, сиз небереңиздин ийгилигин сезип жатасыз…
Жүрөк түшүргөн СМС
Райанды мен кичинекей деп жүрсөм чоңоюп калыптыр, АПА. Сизди жоготкон күнү сиздин сөөгүңүздү ээрчип бардык да…
Олдо Кудай ай, ал күндү эстесем жаман болуп кетем.
23-июнда Сизден ажырап калдык…

Сизди биз жакшы ниет менен Воронцовкадагы санаторияга 10-июнда жаткырдык эле. Эки кишилик бөлмөгө Эрлан экөөбүз жеткирип, жаткырып, жаныңызда агаңыздын кызы Зарина бар деп камырабай, “жакшы эс алыңыз, ден соолугуңузду чыңдап чыгыңыз. АПА” деп жадырап-жайнап коштошуп кеткенбиз.

Ошонун эртеси эле түшкө маал Вотсабыма Заринадан: “Тезинен келгиле! Бир сааттын ичинде келип, врачка жолуккула!” деген СМС келди. Жүрөк шуу дей түштү. Чалсам албайт. Анан эле Эрлан иним чалып: “Апче, апамды Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна алып барам. Сиз ошо жактан тосуп алыңыз” деди. Улуттук китепканадан ооруканага чейин жөө чуркадым. “Эмне болуп кетти экен? Апамды сактай көр, Кудай” деп Алла Таалага жалынып, көзүмө жаш тегерене чуркап бараттым. Иним айткан врачка жолугуп, бөлмө даярдап, тынчсыздана жол карап күтүп жаттым. Бир сааттан кийин келишти. Апамды басышы оорлой түшүптүр… Жетелеп киргизип, анализ тапшыртсак боору дешти. Боор бөлүмүнө жаткырып, дарыланып жаттык. Биринчи түнү кыйналды. Жанында калдым. Бош кровать жок, полго жаттым. Түн бир оокумда апам ойготсо, чочуп ойгондум. “Жаныма жат, ооруп каласың” деди. Эне да, өзү кыйналып жатса да менин ден соолугумду ойлоп…
Ошо бойдон экөөбүз тең кирпик какпай таң атырдык. Таң эрте эки кишилик бөлмөгө чыктык. Ошо жактан апам жакшы уктады. Маанайы ачылды. Тамак ичем деп тамакка табити ачылды. Түн бир окуумга чейин чер жаза сүйлөштүк. “Эрлан менен Эрзат балам быйыл үйлөнсө… Эрландын досу Айбекке айттым, “Досуң быйыл сөзсүз үйлөнсүн, кудага барайын. Эртелеткиле!” деди эле… өзү ооруп келатып дагы уулун табыштап жатат досуна деп анда дагы бир АПАма таазим кылгам.
Тоок шорпосунун этин да, камырын да жейм деди. Врачтан сурасам, “Азырынча болбойт. Шорпо менен жылымык гана суу ичсин” деди. Таңга маал коридордогу фойеде жайгашкан гүлдөрдүн жанына барып отурам деди, алып бардым. Кооз гүлдөрдү аябай тиктеп, ойлуу отурду. Гүлдөрдү жакшы көрчү, жакшы өстүрчү. Айылдагы үйдүн терезеси да, сырты да гүлгө толуп турчу…

Анан кайра бөлмөгө келдик. “Бүгүн 13-июнь, Эрнистин туулган күнү” десем, куран багыштап коелу деп куран окуду. 16-июнь атамдын, 17-июнь атамдын эжеси Бүасыл апчемдин көзү өткөн күн болчу…

“Таң атпай Салимага чал, бүгүн атаңарга, эртең апчеңерге багыштап жыт чыгарып, куран окутушсун. Экөөбүз бу жерден куран окуйлу. Арбак сезет дешет го, духу, руху мени колдоп, айыгып чыгармын” деп атам менен апчеме багыштап куран окуду. Анан эле эмнегедир кара жарма ичким келип жатат деди. Дарылап жаткан врачтан сурасам, “Иче берсин. Каалаганын алып бергиле, каалаган тамагын ичип-жесин” дебеспи. Ошондо да жүрөгүм шуу дей түштү. “Сиз эч нерсе жашырган жоксузбу? Неге каалаганын деп айттыңыз” десем, “Эмнеге каалаганын жебеши керек? Табити тартса, жей берсин” деп жайгарып койду.

Бир тууган деген кыйын экен, апамдын агасынын уулу Акылбек таякем таяжеңем менен күндө келип турду, акыл-насааттарын айтып… Бири-биринен угуп туугандар да келе баштады… Баарына “жакшы болуп калдым, жеңилдеп калдым” деп жаркылдап эле жатты, алтын апам… Көрсө, азыр ойлосом, ошондо боюн түзөгөн экен…
Апам негедир дайыма жатарда жаш кезинен берки окуяларды айтып берип жатты.
Эртеси врач мени чакырып алып, томография кагазын карматты… Боор эмес, “уйку бези”, анан да “злокачественный рак” деп жүрөт ал жакта… Кагаз колумдан түшүп аябай ыйладым… Эрлан иниме жаздым, “рак” деп салышты го деп. Иним баратам деп жазды. Кечиксем апам шекшип калбасын деп бөлмөгө калп күлүп кирдим. Апам байкап, “эмне ыйладыңбы?” деди. Эне да, баарын байкап жатты. Сыр бербей, “Апа, келиңиз массаж кылайын” деп башынан баштадым. Болбой эле көзүмдөн жаш тоголонуп, апамдын бетине тамып кетти. “Ыйлаба, кызым, мен жакшы болом. Мага чуркап жатасыңар, рахмат силерге, балдарым” деп рахматын да айтып жатпайбы… “Апа, антпеңизчи, сизге рахмат, сиздей кымындай эч нерсе сизге кыла алган жокпуз. Кичинебизден азыркыга чейин ооруп калганыбызда канча чачыңыз агарды, агарып атат… Кечириңиз, Апа! Баарына рахмат!” дедим.
Ошонун эртеси оорусу оорлоп, ордунан тура албай калды… Салима экөөбүз тургузуп жаттык. Ансайын жүрөк дүкүлдөйт, “жакшы болуп кетет” деп эле жаттык. Апам ооруканадан чыгам деп болбой жатты. Врач да онкологияга алып баргыла деди. “Онкологияны апам укса өзүн таштап салат. Бул сөздү апама кантип угузабыз” деп Эрлан экөөбүздүн башыбыз маң. Инимдин иштеген жериндеги жетекчиси келип врачтарга жолукту, анан: “Эже, мындай нерсенин баары менин башымдан өткөн. Менин апам да ушул жолду баскан. Апаңыздар химияны көтөрө албайт. Кыйнабай эле коюңуздар, андан көрө Кудайдын берген жашын жашасын, айылга эле алып барыш керек. Канча өмүр сүрсө да айыл жакшы” деди маданияттуу. Баары бир бул сөз мага бычактай эле тийди, “эмнеге айыл?” деп да жүрөк түштү. Ар бир адамдан ушундай сөздү уккан сайын бутум кайрылып кетип, ооруксунуп жаткан… Акыры паласка чалынып кетип бутумдун чыпалагы сынып, гипстелди. Балдак таянып калдым. Азыр бир таякка өттүм. Апамдан ажырабасам бутум сынбайт эле деп сыздап келем…
Аткарылбай калган акыркы аманат
Апамдын акыркы аманаты дагы аткарылбай калганына да сыздап келем. Ооруканадан таякемдин үйүнө чыгып келдик. Алтын апам чабалактап муздакты гана сүйүп калды. “Вентиляторду бетимине айланткыла, оозума муздаткычтагы сууну алып келип тамызгыла” деп эле калды… Көрсө, муздак жер тартып бараткан турбайбы…

Ооруканадан температурасы түшпөй жаткан эле… ошол ысык ичине өтүп кетти окшойт, “ичим ысып атат, денем күйүп атат, муздакты сүйүп атат” деп эле калды. Айылдан кичүү иним Эрзатты чакырттым. Ал келгенде апамдын аманатын айттым. Апамды түнү менен кезектешип карап жатканда, апам мага көп нерсе айткан эле… Бир гана сөз эсимде калыптыр, “Эне керек десеңер, ушу кишини тапкыла!” деген. Бир табыптын аты-жөнүн айткан, аны интернеттен карасам, ал ракты айыктырат экен. Акылдуу, билимдүү апам, биз айтпасак дагы, рак экенин билип калганбы… деп эле ичимден сызып, апама көрсөтпөй ыйлап аттым.
А чынында ал кишини апам былтыр эле айткан. Мирзат иним менен барып да келишкен. Бирок, кезек эмки жылга дешкен экен, келе беришиптир кире албай… “Дал ошол кишиге бардыңар эле, тез ошону таап, алып кел!” деп Мирзатты жөнөтсөм, августка чейин эс алууга чыгып кетишиптир деп келди. Ого бетер чый-пыйым чыгып, ал кишинин дарегин сураштырып баштадык. Бишкекте эмес, тээ Алайкуунун жайлоосунда болуп чыкты. Ал жактан вертолет менен гана алдырыш керек деп вертолет издей баштадым журналисттерден сурап, алар миллион турарын айтышты. Ал миллионду кайдан табам деп, айылдагы тууган Курман классташымды эстедим, ошондон алып турайын деп. Ошону айтайын деп Анарбек инимди эшикке чакырып чыгып баратканда паласка чалынып кеттим да… Эти чоюлуп калды деп басып жүрө бергем, качан баса албай калганда иним травматологияга алып барды. “Операция кылабыз” дегенде чочуп кетип, “Жо-ок. Азыр апам катуу ооруп жатат” десем, “Анда гипстейбиз» деп гипстеп салышты… Апам көрбөсүн деп бир бутум менен секирип, гипстелген бутумду жашырып отурсам да байкап калды… “Ии эмне болду бутуңа?” деп кейип калды…
Апанын сөөгүн ээрчүү азаптын азабы экен

Хирург байкемди (атамдын иниси) күтүп жатканбыз. “Апаңар бери эмес, ары карап калыптыр. Тезинен айылга алып кетиш керек. Ары-бери алып барып кыйнабайлы. Айылга эле кетели” деген жаман сөзгө чок баскандай чочуп, “Жок, бул жактан дарылайлы. Сиз врачсыз го, сизди күтүп жатсак, ушундай жаман сөз айтат белеңиз?!” деп айылга алып баргандан баш тартып ыйладым. Кийин Салимадан апамдын сөзүн угуп жаман абалда калдым. “Байкеңер мени алып кетип дарылайт бекен?” дептир да… “Жеңе, айылга кеттик!” деген байкемдин сөзүн укканда апам баарын түшүндү окшойт” деп Салима айтса, ого бетер жаман болдум…
Мен врач байкемдин сөзүнө макулдук бербей койгон үчүн инилериме түшүндүрүп айткан экен. Таяжеңем: “Айылдан балким жакшы болуп кетет” деди. Балким айылдан жакшы болуп кетет деген илгери үмүт менен акыры макул болуп, “Чоң машина таап бергиле, балдары апамды тегеректеп отуруп, жүзүн карап, оозуна суу тамызып баралы” дедим таякемдерге.
Акыры алып жөнөдүк. Мен балдак менен апам жаткан машинага батпай, таякемдер менен башка машинага түштүм. Таякемдердин машинасы менен ээрчип бараттык. Төө ашуунун бир жеринен апам жаткан машина токтоп туруптур. Анын ары жагында эле Эрлан иним кепкасын бетине басып отуруп калыптыр… Дароо түшүндүм апам үзүлүп кеткенин… Машинадан түшүп чуркайын десем, бутум гипс. Жанымда инимдин 7-класстагы баласы Райан отурат. Аны аяп, жүрөгүн түшүрбөйүн деп ичимден сызып, көз жашымды катып жаттым. Анын билгенин кийин уктум. Көрсө, ал дагы билиптир да, мени ыйлабасын, гипс буту менен чуркап оорутуп албасын деп мени аяптыр… Алтыным чоңоюп калганын билбепмин. Бири-бирибизди аяп, ичибизден сызып, терезени карап ыйлап барыппыз да… “Кечир, АПА, айылга сиз менен жадырап кирип барчу элек. Бу жолу сөөгүңүздү алып баратабыз. Айла жок, Апа. Акыркы аманатыңызды аткара албай калдым, кечириңиз!” деп эле апамдын бизди азап менен чоңойткону көз алдыма тартылып баратты.

Таяжеңем акылдуу киши да, Эрзат иниме айтыптыр: “Кокус айылга жетпей калса, ээгин таңып кой” деп жоолук берген экен. Кийин Салима айтат, “Апамдын жанында Эрзат бар болчу. Бир убакта артты карасам эле, апамдын ээги таңылып калыптыр” деп… Кийин Эрзаттан апамдын кантип жаны үзүлгөнүп сурасам, “апамдын кулагына келме келтириңиз” деп шыбырасам келме келтирип жатты, келме менен кетти” деп гана кыска айтты.
«Кантип гана чымындай жаныңыз үзүлдү экен? Эмне ойлоду экенсиз ошо учурда? Бизди кечириңиз, АПА” деп эле күндө кечирим сурайм.
Айылдагы биздин көчөгө бурулганда эле боз үй, чогулган эл көрүндү… “Кайрат кыл, Назира” дегенде эле бакырып ыйладым. Райан да бакырып ыйлады…. Боз үйдө боздоп эле отуруп калдык…
Апам баарыбызды билимдүү кылды
Апамдын илим, билимге басым жасаганын, баарыбызды билимдүү кылганын, колу уз, шайыр, жакшы ырдаганын айыл ичи айтып, ыйлашты. Бир жаман сөз уккан жокпуз апабыз тууралуу. Апам чынында эле жакшы адам болчу, эч кимге өйдө карап сүйлөгөн жок. Эч кимди ушактаган жок. Апам үчүн баары жакшы адам болчу…

“Окуйм-чокуйм. Мен шаардыкмын. Мен орусча билем. Мен андай кийинем, мындай кийинем. Кетем” дебептир келин болуп келгенде. “Жакшы келин болду. Жолдошуна да, мага да, кайындарына да өйдө карап сүйлөгөн жок. Тектүү жердин кызымын, билимдүүмүн деген жок. Адамгерчилиги бийик адам. Апаңардан үлгү алгыла!” деп калчу баккан апам (чоң энем).

Кошуналар айткандай, ырас апам жакшы ырдачу. Айылдагы “Сармерденге” катышып, ырдап жүрдү. Үнү да керемет эле. Отуруштарда да ырдап, бийлеп элдин маанайын аччу экен алтын апам. Анын баарын апама куран окутуп келгендер айтып жатышты.
“Таласым” деген ырды ырдап калчу той-топурда. Бул ырды апамдын классташ кызы жазыптыр, ага апамдын агасы Абаскан таякем обон жаратыптыр…
ТАЛАСЫМ
Көркөмү сонун карачы,
Кубанат адам баласы.
Жыттанган жыпар гүлдөрү,
Жагымдуу Талас абасы.
Ак кептер учат кыр менен,
Серпилген сымал канаты.
Биз дагы сенин боюңда,
Бактылуу өстүк Таласым.
“Тирүүлүктүн өзү чоң майрам” турбайбы…

Бул ырды эми биз ырдайбыз. Даңазалайбыз…
Чоң энемдин колунда өскөн үчүн ата-энемди “байке, жеңе” деп чоңойдум. Атамды ата дей алган жокмун. Апамды болсо, “АПА» дегениме 7 жыл гана болгон. “Апа де, апа деп айтышың керек” деп атып АПА дедирткен атамдын карындашы Зууракан апчем. Ал үчүн апчеме терең ыраазычылык билдирем.
Апамдын жакшылыгы элге тарап жакшы ат менен кетти…

Билип, билбей канча ката кетирип, кейиттик экен деп жоготкондон кийин эстей албай кыйналат экенсиң… “антсем болмок, минтсем болмок” деп өкүнөт экенсиң… Ошентип өкүттө күн өз нугу менен өтө берет экен. Ары карап ыйлап, бери карап жылмайып, өксүк, өкүнүч менен тирүүлүктүн жашоосун өткөрүп аткан кезибиз. Арман дүйнө десе…
Жолдошум Эрнис АСЕК уулу (1970-2020) какшап айтып кеткендей, Апам бар ар бир күнүбүз майрам болуптур. Бактылуу болуппуз. “Бүгүн апамдын туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 76 жашын белгилемекпиз“ деп оор үшкүрүп отурабыз. Сагынычыбыз сөзүбүздө, кусалык көзүбүздө, ар кимибиздин кайгыбыз ичибизде…
Бүгүн куттуктоонун ордуна минтип сыздап эскерүү жазып, видео жасадык.
АЛТЫН АПА, Сиз үйүбүздүн куту, жашообуздун жарыгы элеңиз. Ооруп жатсак дарылаган, кайгырсак жубаткан, кубансак — баарын, баарын тең бөлүшкөн асыл эне элеңиз. Эми сиздин ордуңузду эч ким эч качан толтура албайт. Сиздин жаркын элесиңиз, мээримдүү күлкүңүз, акылман сөздөрүңүз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Биз сиздин атыңызды бул дүйнөдө татыктуу алып жүрүүгө убада беребиз. Жараткан сизди өз мээримине алып, бейиштин төрүнөн орун берсин. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, АПА.

