Конституцияны өзгөртүү мыйзамына Жапаров кол коюп, парламенттик шайлоо эмки жылга калды

Бүгүн,  22-октябрда, президенттин милдетин аткарып жаткан кошуп аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бул мыйзамды кабыл алууга бир катар жагдайлар, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал шарт түзгөнүн белгиледи. Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес убакытка дайындалат.

Белгилей кетсек, бул мыйзамды ушул эле күнү (22-октябрда) парламент үч окууда эле окуп, жактырып кабыл алган. Тагырагы, депутат Акылбек Жапаровдун жалпы жыйынга демилгелеп алып чыккан (Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө) мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Албетте, каршы болгондор да болду. Айрым депутаттар бийликти «бир кишинин колуна берүү аракети» деп баалашса, демилгечилер бул мыйзам долбоорунда Конституциянын бир да нормасы бузулган жок дегенди катуу карманышты.

Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда же 17-январда өтөрүн билдирген.

Эске сала кетсек, 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң БШК анын баштапкы жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген болчу. Бул да мыйзам боюнча туура кылынган иш-аракет эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Конституцияны өзгөртүү мыйзамына Жапаров кол коюп, парламенттик шайлоо эмки жылга калды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.