Индия өлкөсүнүн түндүк чыгышында эки жумадан бери нөшөрлөп жааган жаан чачындан аймакты суу каптап, жер көчкү жүрдү. Жаратылыш кырсыктарынан улам, “Ассам” штатында 2,5 миңге жакын айыл кыштактар суу алдында калып, 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Рейтер агенттигинин билдирүүсүнө караганда, 2 миллиондон ашык адам турак жайсыз калган.