Чет өлкөлүк менен достук жана кызматташуу кыргыз коомунун президенти, “Аалам” саясий партиясынын лидери Арсланбек Малиев өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого аттанды. Ал БШКга арызын16-июлда тапшырды.
“Аалам” партиясынын Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, аталган партиянын 10 жылдык мааракеси 1-июлда Ысык-Көл облусунун Шор-Булак айылында өткөрүлгөн. Мааракеге Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Бишкек шаарынан барган партиянын мүчөлөрү, тарапкерлери президенттикке талапкерлигин коюшусун өтүнүшүп, бата берип, ак жол каалашкан.