Микроблогер Никита Прокопов орусиялык теле алып баруучу Якубовичке оппокшош кишини таап алып, интернетти “дүң” кылды. Бул сүрөттө Гайана Республикасынын Тышкы иштер министри Карл Гриндж. Ал 26-сентябрда БУУнун Генералдык Ассамблеясында ядерлик куралды түп орду менен жок кылуу сунушу менен сөз сүйлөгөн. Мурутчан саясатчы дароо атагы чыкты. “Якубович кара тарапка өтүптүр” деп тамашалагандар четинен чыгууда.
Эрзат МЫРЗА