Эртең, 30-сентябрда, ЖК депутаты Жанар Акаев «Акыйкат шайлоо үчүн” аталышта акция уюштуруп, тынчтык митингин өткөрөт. Ахунбаев-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги «24-март» скверине чейин жөө жүрүш жасашат. Акция саат 10.00до Жеңиш паркында башталат. Ага белгилүү депутаттар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, саясий серепчилер, укук коргоочулар, журналисттер жана экс-президент Роза Отунбаеванын келүүсү күтүлүүдө.
Эрзат МЫРЗА