Мындай маалыматты “7-канал” телеканалынын кабарчылары билдирди. Алардын айтымына таянсак, Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн иш бөлмөсүнөн жарым миллион сом жоголгон.
Тагырагы, Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Сариевдин иш бөлмөсүнөн 500 миң сом жоголгон. Иш бөлмөдө болгон буюм-тайымга Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн адвокаты Абдыкадыр Раев атайы түзүлгөн комиссия менен акт түзгөн. Ал бул боюнча азыр териштирүү иши кызуу жүрүп жатканын кошумчалаган.
Эрзат МЫРЗА