Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Алыбек баатырдын 230 жылдыгы белгиленди. Анда ат оюндар болуп, аламан байгеде 1-орунга Сокулук районунун Жал айылынан келген Каныбек Кадыркуловдун Кундуз деген күлүгү татып, “Ниссан Авенир” автомашинасын утуп алды. 2 орун – Мелис Турганбаевдин Темир деген күлүгү 70 миң сомго ээ болсо, 3-орунду Тогуз Булак айылынан келген Медил Алиевдин Камбар деген күлүгү ээлеп, 50 сомду илип кетти.
Жорго чабышта 1 орун – Бострилик Үмөт Акбашевдин Стрелка жеген жоргосу “ВАЗ-2199” автомашинасын утуп алды, 2-орун – Бостери айылынын тургуну Турсунбек Адамалиевдин Гариславна жоргосу 70 миң сомго, 3-орун – Бар-Булак айылынан келген Жаныбек Салиевдин Чардаш жоргосу 50 сомго татыды.
Кунан чабыштан Шор-Булактан келген Улан Усубалиевдин Кайберен аттуу кунаны жеңип, 50 м сомго, Мелис Турганбаевдин Золотой аттуу кунаны экинчи болуп, 25 миң сомго, Аламединдин Арчалысынан келген Уларбек Шергазиевдин Чий Кашка кунаны үчүнчү болуп, 10 миң сомго татыды.
Эрзат МЫРЗА