Бүгүн, 12-октябрда, саат 15:00дө Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында, «Теңирчилик кыргыздын салттуу маданиятынын бир бөлүгү» аттуу тегерек үстөл болот. УИАнын Тарых жана маданий мурас институту тарабынан уюштурулган иш-чарага окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Иш-чаранын сый коногу — Расмус Вебер (Даниянын Aarhus университети).
Нази БАЯН кызы