Болжол менен азырынча БШКнын (22:10до) берген маалыматына таянсак, алдыда президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековго 914 806 адам добуш берген. Ал эми Өмүрбек Бабановду 564 629 добуш колдогон. Пайыз боюнча абал төмөндөгүчө:
- Сооронбай Жээнбеков 54,76%
- Өмүрбек Бабанов 33,8%
- Адахан Мадумаров 6,47 %
- Темир Сариев 2,56 %
- Талатбек Масадыков 0,63%
- Улукбек Кочкоров 0,5%
- Азимбек Бекназаров 0,16%
- Арстанбек Абдылдаев 0,12%
- Арсланбек Малиев 0,09%
- Эрнис Зарлыков 0,08 %
- Токтайым Үмөталиева 0,07%
Баарына каршы – 0,73%
Өмүрбек Бабановду Таласта 85,63 % жана Чүйдө 50,48 % колдоп, ушул эки облуста гана алдыда келатат. Ал эми Бишкек, Ош жана калган облустарда С.Жээнбеков элүү пайыздан ашык алдыда келатат.
Эрзат МЫРЗА