Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтуусунда, окуя 4-июлда башталган. Болжол менен саат 14:30да Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын Чандалаш участкасында жайгашкан ЖЧК “Консляр Арум” кен казуу фирмасында котормочу болуп иштеген адам жоголгон. Ал Бишкек шаарынын тургуну дунган улутундагы 01.02.1981-жылы туулган Ю.Я.А. болуп чыккан. Үч күн издешип, токтотулган. Бир айдан кийин кайра издөө иши улантылган. Издөөнүн негизинде, 12-октябрда, Каркүч жана Ток-Камыш участкаларынын ортосундагы суунун жээгинен адамдын сөөгүн табылып, жоголгон адам көк түстөгү джинсы шымы менен аккандыгы тастыкталган. 15-октябрда, саат 22:30да Ю.Я.А. сөөгүн алып келишип, жакындарына өткөрүп беришкен. Туугандары ӨКМнин куткаруу кызматкерлерине бир тууганынын сөөгүн таап бергенине ыраазычылыгын билдирип, маркумдун сөөгү мусулманча коюларын айткан.