Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак,17-октябрда Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-түрк “Себат” балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган. Ууланган окуучулар Талас облустук биргелештирилген ооруканасына стационардык дарыланууга кайрылган. Анын ичинен он окуучу 18-октябрда үйлөрүнө чыгарылган. Калган жеңил ууланган 25 окуучунун ден соолугунун абалы Талас облустук биргелештирилген ооруканасынын кызматкерлери жана лицейдин мугалимдеринин байкоосунда.