Бул кайгылуу окуя Кара-Суу шаарында болгону тууралуу Ош облусунун ички иштер башмарлыгы билдирди. Алардын алдын ала маалыматына караганда, бир жаштагы наристе кокустан уксус ичип алып, көз жумган. Кызынын жанында отурган ата-энеси аны байкабай калышкан. Наристе ооруканага жеткирилип, өзүнө келе албай жан берген. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы