Бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин козгоду. Анда 28-сентябрда президенттик шайлоо өнөкөтүндө Ош шаарынын “Амир-Темир” (Он Адыр) кичирайонунда сүйлөгөн сөзүндө: “бийликти кулатууга” жана “улут аралык араздашууга” чакырган имиш. Бул массалык башаламандыкка алып келмек экен.
“Комплекстүү филологиялык-политологиялык экспертиза өткөрүлүп, Бабановдун эл алдында сүйлөгөн сөздөрү улуттар аралык жаңжалды козгоого, элди бийликке баш ийбей, аны кулатууга чакырууга багытталган” – дейт Башкы прокуратура. Буга “чөгөлөп турганча, туруп өлгөн жакшы” жана “бир милиционер өзбектерге тийишсе, ал кызматтан кетет” деген сөздөрү себеп болгон.
10-октябрдагы пресс-конференцияда саясатчынын кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев “Бабановдун сөздөрүн кесип алып берип жатышат” деген эле. Башкы прокуратура болсо: “Бабановдун сүйлөгөн сөзү видео монтаж эмес” деп жооп бере салган.
Азыр ишти тергөөгө МУККга жөнөтүштү. Кылмыш иши эки берене боюнча козголду: “Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштоо” жана улуттук, расалык жана диний араздашууну козгоо”. Бул иш боюнча аз дегенде беш жыл эркинен ажыратуу каралган.
Жогорку Кеңеште 19-октябрдан бери жок
“Шайлоонун жыйынтыктары” деген бөлүмдө, Жогорку Кеңештин протоколунда “Ө.Бабанов 19-октябрдан бери иште жок” деп жазылып турат. Сентябрь айындагы парламентте көтөрүлгөн маселелерге добуш берүүгө “Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери катышкан эмес.
Өмүрбек БАБАНОВ: “Мен эч жакка кетпейм. Эс алыш керек болууда”
Шайлоодон кийин депутат Өмүрбек Бабанов пресс-конференция берген. Анда “чет өлкөгө кетип калбайсызбы?” деген суроо берилгенде, ал: “Өз өлкөмдөн эч жакка кетпейм. Акыркы төрт ай мен үчүн аябай оор болду: шайлоого даярдык, шайлоо учуру дегендей, эс алыш керек болууда” деп жооп берген. Андан кийин, 5 жаштагы кичинекей кызга жолугуп, белектерин бергенде, кыздын апасы: “сиз кетип калбайсызбы? Кыргызстандан кетип калат экен?” деген сөз кетүүдө деп сураганда, “Жок, мен эч жакка кетпейм”,-деген.
Бабанов азыр кайда?
Алдын ала маалыматка караганда, шайлоодон кийин эле Бабанов Чехиядагы “Карлова Вары” санаториясына кетип, эс алууда. Кыргызстандагы чек ара кызматынын булагы Kaktus.media редакциясына Бабанов Кыргызстандан Бишкек-Москва рейси менен 23-октябрда учуп кетип, ошо бойдон келе электигин айткан.
Бул маалыматтын чын-төгүн, ал азыр кайда экенин так билели деп кесиптеши, партиялашы, жакын досу, депутат Руслан Казакпаевге, кеңешчиси Мирсулжан Намазалиевге телефон чалсак, трубкаларын көтөрбөй коюшту. Бул боюнча жакында билдирүү жасашат деп ойлойбуз.
Эрзат МЫРЗА