“Дача СУ” маселесин козгогон Аскарбековдун соту 4-декабрда болот

“Дача СУ” маселесин козгогон Аскарбековдун соту 4-декабрда болот

Бүгүн, 23-ноябрда, Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү соттук процесси болуп өттү. Бүгүн кылмыш ишине тиешелүү күбөлөр суралды. Уландысы 4-декабрда болот.

Эскерте кетсек, Мавлян Аскарбековго “Бийликти күч менен басып алууга чакырык” деген айып тагылып, кылмыш иши козголуп, суралып келет. Алгач кылмыш ишин УКМК тергеген, анан сотко ашкан. Мавлян мырза өзүнө тагылган айыпты четке кагып, “саясий куугунтук” деп келет.

Мавлян Аскарбеков негизи туура маселе көтөргөн. Учкун-2 жана авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ конушундагы тургундардын таламын талашкан. “Элден чогулган акчаны бийлик ачык көрсөтүп берсин, чындап эле жабыркагандар алдыбы же айыл өкмөтү же башка бирөө ортодон акчаны жеп кеткен жокпу? Эмнеге азыркыга чейин жүктүн ээси табылган жок, аты аталган жок” деген маанилүү, көйгөйлүү маселени көтөрүп чыккан. Бийликке ушундай ачуу суроону кабыргасынан койгондуктан суралып жүрөт. Бул баарыбыз көтөрө турган маселе болчу…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.