Эртең тактыдан кетип жаткан Атамбаев мөңгүлөрдү талкалоого кол койгону менен эсте калды

Эртең тактыдан кетип жаткан Атамбаев мөңгүлөрдү талкалоого кол койгону менен эсте калды

Алмазбек Атамбаев Суу кодексине өзгөртүүлөр кирген мыйзамга президенттик иш күнү аяктап бара жатканда кол койду. Кетип баратып мөңгүлөрдү талкалоого уруксат бергени менен эсте калды.

Атамбаев 20-ноябрда журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында мөңгү боюнча журналисттин суроосуна: “Мөңгүлөр боюнча мага мыйзам келди. Мен азыр таанышып жатам. БУУда «Кумтөрдүн айынан мөңгүлөр эрип жатат» деген жокмун, «климаттын айынан» деп айткам. Мыйзам менен жакшылап таанышам, эксперттердин айткандарын окуп чыккам. Кыргызстанда каталог боюнча 6771 мөңгү бар. Мыйзамда эки мөңгү жөнүндө сөз болуп жатат. Ал 23 жыл мурун иштеп баштаган. Булар эрип кетсе да башкалары калат. Биз Кумтөрдү иштетип, алардан экологиялык шарттын аткарылышын талап кылышыбыз керек. «Центеррада» калып, дивиденд алышыбыз керек. Айрымдар «Центерраны» кууп чыгып, Кумтөрдү өзүбүзгө алышыбыз керек»,- дейт. Анда алар калтырган калдыктарды кошо алабыз. Биз аларды тазалатышыбыз керек. Мен мыйзамга кол коембу же жокпу, бир нече күндүн ичинде чечим кабыл алам”,-деп жооп берген.

Кол коеру белгилүү эле болчу. Себеби, ЖК колдоп берген. Эске салсак, парламентте «Суу кодексине» өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды 63 депутат колдоп, 22 депутат каршы чыккан. Колдобогондор алкыш, колдогондор каргыш угууда… Атамбаев да кетээринде алкыш албай, каргышка калып кетүүдө…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.