Бүгүн бийликтен Атамбаев кетип, Жээнбеков келет

Бүгүн бийликтен Атамбаев кетип, Жээнбеков келет

Бүгүн, 24-ноябрда, жаңы президент Жээнбековдун инаугурациясы болот, ал саат 10:00до башталат. Бул ант берүү аземине 450 конок чакырылган. 8 миллион 404 миң 248 сом чыгымдалган.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтө турган ант берүү аземине башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери катышат. Андан тышкары, Эл баатырлары, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, парламент депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардан чакырылган.

Бүгүн шаарда айрым жолдор жабылат. Инаугурацияда Жээнбеков ант бергенден кийин, “президенттик кызматка расмий киришти” деп таанылат. Андан кийин БШКнын төрайымы “Президент” деген күбөлүктү, штандарт тапшырып, мойнуна чынжырча илет. Аягында, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин коштоосунда Акүйгө бет алып, ал жерде аларды Ардак короол тосуп алат. Атамбаев президенттик кабинетине отургузуп, ачкычын тапшырат.
Мындай иш-чараны телеканалдардан түз көрө аласыздар, туугандар!

Эскерте кетсек

Бакиевдин инаугурациясына — 20 миллион сом чыгымдалган. Роза Отунбаеваныкында эч нерсе өткөн эмес, Филармонияда жупуну өткөн. Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылы 1-декабрдагы инаугурациясына — 10 миллион сом кеткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.