Исхак МАСАЛИЕВ: “Эки аял алууга мен каршымын!” 

Исхак МАСАЛИЕВ: “Эки аял алууга мен каршымын!” 

Чубак ажынын токол алганы боюнча кызуу талкуу жүрүүдө. Бул маселе боюнча депутат Аида Салянова “эки жана көп аял алуу – кылмыш” деп мыйзамдуу жагын түшүндүргөн. “Эки аял алууга кандай карайсыз?” деп депутат Исхак Масалиевге кайрылып, мындай жооп алдык.

“Эгерде жубайы арыз менен тийешелүү органдарга кайрылса, анда Чубак ажыны жоопкерчиликке тартса болот! Бул бир. Экинчиден, балдары мураскорлукка толук кире албайт, эгер бирдеме болсо. Анан ошол балдары бактылуу болушабы? Ошондуктан мен мындайга каршымын. Мен бир эле аял менен 37 жылдан бери жашап жатамын. Үй-бүлөм менен бактылуумун”,-дейт депутат Исхак Масалиев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.