Учурда Бишкекте «Курманбек Бакиевге ич кийим топтоо!» акциясы өтүп жатат. Акциянын уюштуруучулары үч коробка ич кийим топтошту. Аны казак элчигине тапшырып, Курманбек Бакиевге жөнөтүүсүн өтүнүшөт. Мындай акцияны «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук фондунун өкүлдөрү уюштурууда. Алар Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митингге чыгып, Казакстандын телеканалдары Курманбек Бакиевдин катышуусунда көрсөткөн тасмага нараазычылыгын билдиришти.
БАКИЕВ: “Менин ич кийимиме чейин тоноп кетишиптир…”
Эскерте кетсек, “Хабар” телеканалы Кыргызстанда 2010-жылда болгон кандуу окуя боюнча даректүү тасма тартып, ал күн боюнча Курманбек Бакиевди сүйлөтүптүр. Анда Бакиев: “Үстүмдө эмне болсо ошо менен эле чыгып кеткем. Угушума караганда, бардыгын менчиктештирип алышыптыр: идиш-аякты айтпай эле коеюн, байпак, ич кийимиме чейин. Убагы келгенде, мен өзүмдүн өлкөмө сөзсүз кайтып барам. Мен ага бөркүмдөй ишенем”,-дептир.
Эрзат МЫРЗА