Курманбек Бакиевге ич кийим чогултуу акциясы өтүүдө…

Курманбек Бакиевге ич кийим чогултуу акциясы өтүүдө…

Учурда Бишкекте «Курманбек Бакиевге ич кийим топтоо!» акциясы өтүп жатат. Акциянын уюштуруучулары үч коробка ич кийим топтошту. Аны казак элчигине тапшырып, Курманбек Бакиевге жөнөтүүсүн өтүнүшөт. Мындай акцияны «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук фондунун өкүлдөрү  уюштурууда. Алар Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митингге чыгып, Казакстандын телеканалдары Курманбек Бакиевдин катышуусунда көрсөткөн тасмага нараазычылыгын билдиришти.

БАКИЕВ: “Менин ич кийимиме чейин тоноп кетишиптир…”

Эскерте кетсек, “Хабар” телеканалы Кыргызстанда 2010-жылда болгон кандуу окуя боюнча даректүү тасма тартып, ал күн боюнча Курманбек Бакиевди сүйлөтүптүр. Анда Бакиев: “Үстүмдө эмне болсо ошо менен эле чыгып кеткем. Угушума караганда, бардыгын менчиктештирип алышыптыр: идиш-аякты айтпай эле коеюн, байпак, ич кийимиме чейин. Убагы келгенде, мен өзүмдүн өлкөмө сөзсүз кайтып барам. Мен ага бөркүмдөй ишенем”,-дептир.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.