Аскар Шадиев Жогорку Кеңештен да, Өкмөттөн да айлык алабы?

Аскар Шадиев Жогорку Кеңештен да, Өкмөттөн да айлык алабы?

Биринчи вице-премьер-министрликке “Бир бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңешке сунуштаган. Бүгүн Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин жактырып, колдоп беришти. Төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал эми Аскарбек Шадиев чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга өз ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да парламент менен биргелешип иш алып барууга убадасын берди.

Мыйзам боюнча Аскар Шадиев Өкмөткө кеткени менен депутаттык мандатын (жалпак тил менен айтканда, депутаттык кызматын) сактап калат. Бирок, Жогорку Кеңештеги маянасы убактылуу токтотулат. Тагырагы, азыркы кызматы менен Өкмөттөн айлык алат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.