Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас («Шарманка») үйлөндү

Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас («Шарманка») үйлөндү

Айтылуу куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов 4 жыл сүйлөшүп жүргөн коңшу Алина аттуу кызга баш кошту. Эки жаштын үйлөнүү үлпөтү кечээ “Алтын казына” ресторанында өттү. Ага аттуу-баштуу чыгармачыл адамдар барып, куттуктап, батасын берип, атасы Жаныбек Алыкуловду эскеришти.

Ырчы Гүлнара Кахарова: “Жаныбек байкени эстебей турчу жан беле, аттиң?! Азиза жеңе, балдарыңыз мыкты, адамгерчиликтүү, эми балдарыңыздын жакшылыгын сиз көрүңүз! Айтылып жаткан баталардын баары кабыл болсун! Балдар бактылуу болсун!”,-деди.

Манас Алыкулов боюнча учкай маалымат бере кетсек, Манас атасын тартып тамада, куудул, ырчы. “Шарманка” аттуу ыры менен белгилүү. Кайсы жерге барбасын, ушул ырын сөзсүз ырдатышат. «Атам «Шорпо» деген атка консо, мен «Шарманка» деген атка кондум»,- деп кайсы бир маегибизде айтып, күлгөн. А чыны «Шарманканы» биздин Манас Николай Басковдон кем калбай ырдайт.

Манас деген атын атасы Жаныбек Алыкулов досу куудул Манас Бердибековдун атынын койгонун айтып берген эле… Аттиң, арман, Жаныбек Алыкулов тирүү болгондо, ал аябай сүйүнүп, болгон кыргыздарды чакырып, тойду укмуш өтмөк экен…

Манас, Алина, бактылуу болгула! Манастын бул кубанычын тең бөлүшүп, келиндүү болгон Азиза жеңебизден кенен бир маегин жакында окуй аласыздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.