КВН команданын жетекчиси бюджеттик акчаны максатсыз колдонгон деп шектелүүдө

КВН команданын жетекчиси бюджеттик акчаны максатсыз колдонгон деп шектелүүдө

Тажикстан курамасы КВН командасынын жетекчиси Хайрулло Мирсаидов 5-декабрдан бери камакта экенин анын туугандары билдиришти. Ал мамлекеттик каражатты максатсыз колдонгон деп айыпталууда.

Бүгүн Хайрулло Мирсаидовдун камактагы 72 сааттык мөөнөтү аяктайт. Сот тергөө иштери бүткөнчө аны камакта калтыруу же бошотуу чечимин кабыл алышы керек.

Маалыматка караганда, Хайрулло Мирсаидов шейшемби күнү Согди облустук прокуратурасына чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Учурда ал Хожент тергөө абагында кармалууда.

39 жаштагы Хайрулло Мирсаидов «Азия плюс» агенттигинде жана «Дойче Велле» радиосунда кабарчы болуп иштечү. Ал буга чейин жергиликтүү бийлик аны КВН командасы үчүн бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланууга айыптап, алардын ортосунда жаңжал болуп жатканын кабарлаган. «Мен 8-ноябрда президент Рахмонго, баш прокурорго жана Согди облусунун башчысына кайрылып, жергиликтүү аткаминерлердин күнөөсүнөн улам команда туш болгон көйгөлөр тууралуу билдирүүгө аргасыз болдум», — деген ал.

Мирсаидовдун айтымында, 2014-жылы Согди облусунун башчысынын демилгеси менен негизделген команда 10-ноябрда Москвага учуп кетиши керек болчу. «Ага Согди облусунун бийлиги каражат бөлүп бермек. Бирок биз акча алган жокпуз. Анткени облустун Жаштар иштери боюнча комитетинин жетекчилигинин арызы менен прокуратура биздин команданын ишмердүүлүгүн, анын ичинде бюджеттик каражаттын пайдаланылышын текшере баштады», — деди ал.

Айтымында, ал каражаттын пайдаланылышы боюнча отчет даярдап, Жаштар иштери боюнча комитетке жөнөткөнүн далилдеген. Бирок мекемеден отчет аларга келбегенин билдиришүүдө. Мирсаидовдун айтымында, буга чейин комитет кызматкерлери КВН команда үчүн бөлүнгөн бюджеттик акчадан 1000 доллар өлчөмүндө пара сурашкан.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.