Ырчы Күлипа Керимбаева Фейсбукчуларды кафеге чогултууда…

Ырчы Күлипа Керимбаева Фейсбукчуларды кафеге чогултууда…

Айтылуу ырчы Күлипа Керимбаева Фейсбукчулар чогулуп, жакындан таанышып, бетме-бет баарлашып, көңүл ачып кафеде отурууга Фейсбук аркылуу чакырык таштады. Анын себебин билүү үчүн Күлипа айымга суроолор менен кайрылдык.

— Эже, сиздин чакырууңуз түшүнүксүз болууда. Жалаң өзүңүздүн жакын тааныштарыңызды чакырдыңызбы?

— Жок. Фейсбуктагылардын баарын чакырдым. Чакырыгымды аялзаты туура кабыл алышып, “келебиз, каерде?” деп сурашууда. Учурдан пайдаланып, даректи айта кетейин. 11-декабрда, кечки саат 5-6ларга “Пекинская утка” деген кафеде деп болжоп жатам. Себеби, ал жердин тамак-ашы, тейлөөсү, ырдай турган жери жакшы. Өзүм да ырдап берет элем. Эми аны келген коноктордун өздөрүнүн тандоосунда болот да. Ал жерде дагы бир кафе бар. Келгиле, дагы бир жолу чакырам. Өзгөчө эркектерди чакырат элем, алардан реакция жок болууда… Фейсбукта тимеле “баатыр” го.

— Атактуулардан ким келет?

— Атактуулардан келебиз дешүүдө. Тээ Оштогу атактуу, белгилүү айым Гүлшайыр Садыбакасова келем деди.

— Бул демилгеңиздин максаты эмне?

— Эң башкы максат – жакындан таанышуу, анан баарлашуу. Фейсбукчулар Чубак ажынын маселеси боюнча талкуулап, экиге бөлүнүп, бири-бирине жаман сөздөрдү жазып, уруш-талаш болуп кетти. Жамандан алыс болуп, жакшы ниетте бетме-бет отуруп, таанышып, көңүл ачалы деген ниетте бул демилгени көтөрдүм. Фейсбукка жаман жазган адамдардын оюн оңдогум келет. Маданият, этика деген болуш керек. Жашынып жатып алып эле сөгүнгөндөр көбөйүп кетти. Ошого жүрөгүм ооруп, ушуну уюштуруп жатам.

— Айрымдары сизди төлөйт экен деп ойлоп албасын. Ар ким өзү жанына акча ала келүүсү керек да?

— Албетте. Ар ким өздөрү жанына акча ала келүүсү керек. Бир кишиге болбогон эле акча кетет. Ал акча чөнтөктөн деле түшүп калат. Келгиле, таанышалы, көңүл ачалы! “Өмүрдүн бөксө жерин ыр менен толтуралы!” деген ыр сабы бар го, бөксө жерди жакшы сөз, жакшы ыр менен толтуралы!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.