Николаев кыл курт (рак) оорусу менен күрөшүүдө…

Николаев кыл курт (рак) оорусу менен күрөшүүдө…

Учурда белгилүү алып баруучусу Юрий Николаев кыл курт (рак) оорусу менен күрөшүп жатканын орус ММКлары жазып чыгышты. Алардын айтымында, Николаевдин ичегисинин кыл курт менен ооруганын дарыгерлер аныктап, башка органдарына шишик чаап кетиши мүмкүндүгүн айтышкан. “Мындай жаман диагнозду дарыгерлердин өздөрүнөн уктум. Башында шок болдум. Анан өзүмдү колго алып, ден соолугумду ордуна келтирүүгө болгон күчүмдү жумшадым. Тилекке каршы, мындай диагноз абалымды начарлатышы мүмкүн. А жашоо уланууда… Менин апам да кыл курттан каза болгон. Бирок, менин онкологиялык оорум менен анын байланышы барбы, жокпу, аны биле албадым”,-деген Юрий Николаев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.