Бермет ИСАЕВА: “Атамдын акталаарына ишенем”

Бермет ИСАЕВА: “Атамдын акталаарына ишенем”

Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевдин учурда соттук териштирүү иши райондук сотто каралууда. “Жаңы жылга чейин Өкүм чыгат” деген да имиш бар. Атасы жалган жалаа менен кармалгандыгын, акыры акталарына ишенерин студент кызы Бермет айтып жана колдоп келет. Бу жолу атасын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктаган катын бизге жөнөттү. Ал катта мындай деп жазылган:

“Абдан түшүнүктүү, сүйүктүү, камкор атамды келе жаткан Жаңы жылы менен өзүмдүн жана үй-бүлөбүздүн, туугандардын атынан куттуктайм. Биз Кудайга ишенгенден кийин, акыры акыйкаттык орноп, адилеттик болооруна абдан ишенебиз! Жакында чындык жеңип, атам акталат, мен ага терең ишенем! Бирок, бүгүнкү сотторго такыр ишене албайм. Анткени алар бийлик менен акчага гана иштеген соттор экен. Булардан адилеттик, калыстык күтүүнүн деле кереги жок. Муну баары эле билип калышты. Кардиналдуу сот реформа керек!

Соттор Кудай эмес, андыктан чындык жеңет! Чындык атам тарапта. Менин атам баарыбызга идеал адам. Ал таза, ак, консервативдүү жана демокративдүү инсан. Атам бизди катуу тартипте кармаганы менен өзү ак көңүл, жумшак. Биз бир нерсени туура эмес кылсак, ал үчүн бизди урушпайт, кыйкырбайт, көз карашы менен эле түшүндүрүп коет. Атам бизди кичинебизден эле тазалыкка, күчтүү болууга үйрөткөн. Уникалдуу адам. Жакшы жар, камкор атамды дагы бир жолу келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, денсоолук каалайм! Ата, жакшылыктардын баары алдыда, баары жакшы болот. Биз сизге ишенебиз жана сиз менен сыймыктанабыз!”,-дейт Бермет Исаева.

Биз дагы Канатбек Исаевди жана үй-бүлөсүн келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайбыз! Бермет, учурдагы экзамендериңди ийгиликтүү тапшырып алышыңа тилектешпиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.