Жолдошбек ТОКОЕВ: “Ак калпагыбызды итке кийгизгендерди таап, жоопко тартуу керек!»

Жолдошбек ТОКОЕВ: “Ак калпагыбызды итке кийгизгендерди таап, жоопко тартуу керек!»

Белгилүү, ардактуу журналист Жолдошбек Токоев Фейсбуктагы бул сүрөткө аябай зээни кейип (кейийт тургандай эле), жазып чыкты:

“Улут!” деп көкүрөгүңөрдө намысы бар жигиттер барсыңарбы?! Миң жылдап кастарлап кийген Ак калпакты минтип итке кийгизип жатышат. Мамлекеттин символикасы: туу, герб, гимнди мазактоого мыйзамда жол берилбейт! Ошол сыяктуу Ак калпак да кыргыз үчүн ыйык жана сыймык. Кыргызстанда атайы “Ак калпак күнү” белгиленет. Сүрөттөгү кыз чет элдик глобалисттердин камчысын чапкан же маңкурт аял. Эмне болсо да бул аял, жана башкалар жазаланышы керек!
Бийликтин көңүлүн бурдуруп, буларды таптырыш үчүн Фейсбуктага барагыңарга ар бириң салгыла. “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” кылбай”-дейт Жолдошбек Токоев.

Сөз жок, бул ачуу чындык! Тезинен буларды таап, жоопко тартуу керек! Кыргыз кийим кийип алып, итке калпакты кийгизип чыккан кыргыз кыз болсо, анда таптакыр эле уят! Артында тургандардын бири деле кыргыз бала экен. Оң жакта да кыргыз бала турат, уялбай күлүп. Алып баруучу го орус экен, ага баары бир! Кыргыздарга эмне жок, жыргап карап турушат?! Жакында эле болгон шоу болсо керек, Жаңы жылга карата, келаткан жыл Ит жылы деп калпакты кийгизип чыккан идеялары болсо керек. Бул идеяны ким ойлоп тапса да уят! Ак калпакты кийгизген адамды катуу жоопко тартуу керек! Ак калпагыбызды шылдыңдагандарды табалы, туугандар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.