Күйүүчү май ташыган унаа сууга кулап, күйүп кетти

Күйүүчү май ташыган унаа сууга кулап, күйүп кетти

Бул тууралуу ӨКМнин Басма сөз кызматы билдирди. Айлардын айтымында, 19-февралда,  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда такталган маалымат боюнча, саат 11:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында (Итагар станциясы) «Рено» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаасынын (бензовоз) айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кетип, Чычкан суусуна кулап, толугу менен күйүп кеткен. Унаада 35 тонна бензин болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.