Казакстанда кармалган депутаттын ишин тергөөгө спикер кийлигишпейт

Казакстанда кармалган депутаттын ишин тергөөгө спикер кийлигишпейт

Спикер Дастан Жумабеков Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпей тургандыгы тууралуу парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин ишмердиги менен байланышы жок иш. “Эгер депутатка кылмыш иши козголсо, тергөө болуп жатса, ага Жогорку Кеңеш жана төрага аралашпайт. Регламент боюнча депутаттын айыбы далилденсе, өзү жооп берет”, — дейт Ибрагим Нуракун уулу.

“Кыргызстан” фракциясы депутатынын күнөөсүздүгүн айтууда...

Аталган фракциясынын билдирүүсүндө, Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ага тагылган айыптарга тиешеси жоктугу айтылып, мындай деп жазылат: «Асылбек уулу Дамирбек фракциянын жигердүү депутаты. Ал буга чейин спорттук мелдештерге катышып, спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп келди. Ал өлкөнүн аймактык, экономикалык өнүгүүсү үчүн дагы бир топ иштерди алып барууда. «Кыргызстан» фракциясы Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз байланышып, Казакстандын укук коргоо органдарын мыйзам чегинде иштөөгө чакырат.

Эскерте кетсек

36 жаштагы “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда кармалганы белгилүү болгон. Кыргыз тарап окуянын чоо-жайын сурап, Казакстанга нота жибергенден кийин 18-февралга караган түнү коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги ага жооп берип, депутат колго түшкөнүн ырастаган.

Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын» маалымдаган. Алардын ичинде Кыргызстандын төрт жараны бар экени белгилүү болгон.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.