Назгүл МАМЫТОВА: «Гейлер тууралуу маек берген эмесмин”

Назгүл МАМЫТОВА: «Гейлер тууралуу маек берген эмесмин”

“Ачык саясат” гезитинин ээси жана башкы редактору Назгүл Мамытованын «Кыргызстанда гейлердин үйлөнүшүнө уруксат бериш керек» деген аталышта Кабарлар.кg сайтынан кечээ Фейсбукка жарыяланып, талкууга түштү. Бул боюнча биз Назгүл Мамытовага бир нече суроолор менен кайрылдык.

-Назгүл, өзүң жөнүндө маалыматты кимден уктуң же өзүң окуп калдыңбы?

-Жок, өзүм окуган жокмун, кесиптештерден уктум. Үйдө үй-бүлөм менен эс алып отурсам, “ушундай маалымат чыкты го” деп журналисттер телефон чалышты. Окуп алып шок болуп калдым. «Кыргызстанда гейлердин үйлөнүшүнө уруксат бериш керек» деген аталышта сүрөтүм менен чыгыптырмын. Бул жалган жалаа жана каралоонун таратылышы өтө өкүнүчтүү болду! Анткени, мен “Кабарлар.кg” сайтына гейлер тууралуу маек берген эмесмин! Гей-пей менен ишим да жок! Менин үй-бүлөм динди бекем туткан адамдар. Жолдошум беш маал намаз окуйт. Гей темасы менен эмес, башка тема менен каралашса да окшошмок… Бул жерде кандайдыр бир оюн жүрүүдө. «Ачык саясат» гезитимдин негизги темасы укук жана саясат экенин жакшы билесиздер. Көбүнесе укук коргоо органдарынын, укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин чагылдырып келебиз. Мына ошолордун заказыбы же башка дагы өчөшкөн адамдар барбы, айтор, менин сүрөтүмдү коюп, аты-жөнүмдү жазып, гейлерди колдогон маанайда мени маек берди кылып, Үмүт Мукамбетова эженин “Кабарлар” сайтынын атын жазып, атайын материал даярдашыптыр. Тема гана турат, маек жок.

Үмүт Мукамбетова менен бул боюнча сүйлөшө алдыңбы?

— Ооба, сүйлөштүм. Үмүт Мукамбетова да өзү шок болуп отурганын айтты. Бул боюнча Үмүт эже да коомчулук алдында өз пикирин билдирүүсү зарыл! Мага жалаа жаап, коомчулукту дүрбөтүп, провокация кылгандар мыйзам алдында жооп бериши керек! Фейсбукта отуруп алып, мени каралаган материалдын чын-бышыгын билбей туруп таратып жаткандар да жооп берүүсү абзел! Анткени, бул жалган маалымат, атайын жасалган заказ! Мени соттошуп жатат деп жаман көрбөгүлө, туура түшүнгүлө, себеби, менин да үй-бүлөм бар, алардын коопсуздугу сакталуусу зарыл! Мага каршылаштарга айтаарым, мени каралап, менден минтип өч ала албайсыңар!

-Кимдер заказ кылышы мүмкүн? Күмөн санап, шекшиген адамың барбы?

— Мен азыр мага карата кимдер заказ кылганын билбей жатам. Душмандарым көп, андыктан, кимисинин колунан келди так айта албайм. Балким, кимдир бирөөлөр атайын провокация да кылып жатышы ыктымал. “Данияр Абдыкаров заказчик” деп жатышат. Бирок, ал киши мындай деңгээлге түшүшүнө таңгалып жатам. Аны менен да бетме-бет кезигип, бул тема боюнча сүйлөшөм го. УКМК, ИИМге бул боюнча арыз жаздым. Учурда мени каралаган, жалган маалыматтарды таратып жаткандарды иликтеп башташты. Канчалаган фейктер канчалаган адамдардын көз жашына калып жатат. Жалган маалымат тараткан фейктер мыйзам алдында жооп беришсин!

(Ал эми «Кабарлар kg» сайтынын ээси Үмүт Мукамбетованын пикирин төмөнкү шилтемеден окуңуздар: https://alakan.biz/2018/02/19/m-t-mukambetova-nazg-l-mamytova-bizge-intervyu-bergen-emes/

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.