Шаардык сотто бүгүн Шыкмаматов сөз сүйлөйт

Шаардык сотто бүгүн Шыкмаматов сөз сүйлөйт

«Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ишин бүгүн Бишкек шаардык соту кароону улантат. Өткөн аптадагы жараяндарда күбөлөр суралып бүткөн. Бүгүнкү сотто Шыкмаматов сөз алат.

Эскерте кетсек, былтыр, 19-декабрда, Биринчи Май райондук соту Алмамбет Шыкмаматовду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмышка шериктеш болуу»), 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан. Шыкмаматовго коюлган күнөөнү депутат четке кагып, ал райондук сотто далилденбегендигин айтып, шаардык сотко калыстык менен карап берүүнү суранып, арыз менен кайрылган.

Депутатка «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын ала сүйлөшүп, өз аялына таандык «Мерседес-Бенц Е320″ автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деген айып тагылып, ушул боюнча ушул убакка чейин суралып келет. Райондук соттук тергөөдө Шыкмаматовдун күнөөсүз экенин адвокаттар далилдеп берген. Тилекке каршы, аны сот эске алган эмес. Муну “саясий куугунтук, саясий негизде мага иш козголду” деп айтып келет депутат. А чынында ошондой эле болууда. Парламентте бийликке сын айткан депутатка иш козголууда, аны баарыбыз эле көрүп келатпайбызбы. Аттиң, Жээнбеков сот системасын карабай келатканы өтө өкүндүрөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.