Анара ШАИМКУЛОВА, ырчы: “Корксом “Сармерденди” алып барбайт элем”

Анара ШАИМКУЛОВА, ырчы: “Корксом “Сармерденди” алып барбайт элем”

“Кыз-жигит Сармерден” теледолбоорундагы “Шайыр жеңеге” кастинг жарыяланып, үч тур менен өтүп, ага 30га жакын кыз-келин катышып, аягында ырчы Анара Шаимкулова тандалып алынды. Жеңүүчү “Шайыр жеңени” кастингден өтүшү менен куттуктап, маек курдук.

— Анара, “Сармерден” теледолбоорунун кастингине кандайча катышып калдың же Сагын эже өзү сунуштадыбы?

— Бул долбоорго кастинг жарыяланганын кокустан эле Фейсбуктан көрүп калдым. Талкуу, сунуштар башталыптыр. Сунушталган ырчылардын арасында менин дагы атым аталып жүрүптүр. Ошондон улам, катышып көрсөмбү деген ой кетти. Анан “Сармердендин” негиздөөчүсү Ниязалиева Сагын эжеге чалып, “катышып көрсөмбү?”,- дедим. “Албетте, катышып, өзүңдү сынап көр”-,деди. Кыскасы, бул кастингге катышууга күйөрмандарым түрткү болду.

Кандай критерийлер менен тандалып алындың?

— Бул жөн долбоор эмес, чоң долбоор. Кастинг болуп жаткандан кийин, албетте, катуу даярданып бардым. Бир жума бою “Сармерденди” толугу менен көрдүм. Анан бардым. Барсам, калыстар тобунда 5 киши отуруптур, алар да жөн киши эмес, КРнын эл артисттери – Гүлсүн Мамашова, Шахра Талипова, Адылбек Кыязов жана Гүлмира Кулумбаева. Бешинчиси — Сагын эже өзү. 500 кишинин алдында ырдагандан сүрдөбөй, 5 кишинин алдында сүрдөдүм, толкундандым. Анын үстүнө, ойлоп көрсөм, 40 жашыма чейин бир дагы кастингге катышып көрбөпмүн. Ошентсе да, өзүмдү жоготкон жокмун, эркин алдым. Табышмак, макал-лакап жана “Эрке бала” менен диалог куруу сыяктуу тапшырмалар берилди. “Калыстар тобун тааныштырып көрчү?” деп да сынашты. Мен катышкан кастингде 15 кыз бар болчу, таанымалдардан ырчы Кенже Көбөкова бар эле. Аягында калыстар тобу акылдашууга кирип кетип, көптөн кийин чыгып, “бир эле кастинг менен өткөрүүгө болбойт, дагы кастинг болот. Кимиңер өтсөңөр, силерге өзүбүз чалабыз”,- деп жөнөтүштү. Анкета толтуруп, кетип калганбыз. Көпкө чейин кабар жок болду. Көрсө, кастинг үч тур менен өтүптүр. Мен биринчи эле туруна катышкам. “Эмне болду экен, ким өттү?” деп ичимден ойлоп жүргөм, анан эле мурдагы күнү кечке маал менин өткөнүм боюнча коңгуроо болду. Чынын айтсам, бул мага күткөн да, күтпөгөн да жаңылык болду. Көпкө чейин коңгуроо болбогондон кийин өтпөй калдым го деп койгом. Бир чети өтүшүм керек эле деп ички туюмум сезген. Себеби, ар бир нерсеге барганда жакшы ой-тилек, максат менен барасың. “Шайыр жеңенин” ролу мага буйруптур. Колдон келишинче аракет кылам. “Ноорузга” карата чыгабыз.

— “Шайыр жеңе” болуу жакшы жаңылык, бирок, таржымалы бар да. Коркуу болгон жокпу?  

— Түшүндүм, сөз мурдагы “Шайыр жеңелер” – Гүлзат Батырканова менен Гүлбүбү Ороскул кызы жөнүндө суроо болуп атат го. Экөө тең мыкты ырчы, мыкты алып баруучу болчу. Экөөнүн тең маңдайына аз гана жаш жазып коюптур. Бул эми кырсык: бирөө жол кырсыктан, бирөө бир заматта эле ооруп калып, каза болду. Өлүм ак. Ал ар кимге ар кандай жол менен келет. Энеден түшүп, эне эмчегине жетпей, бул жалган жашоону билбей, көз жумган ымыркайлар бар. Жүз жашка чыгып, келин-уулун тажаткан адамдар бар. Эми ар кандай. Мен Кудайдын буйругуна ишенген кишимин. Муну мистика катары кароонун кереги жок. Эгер мен кыпындай жаман ойлоп, корксом, анда кастингге катышпайт элем. Албетте, ушул долбоорду алып барып, жаркылдаган элестери элдин алдында калган, жаш, сулуу, ажарлуу эки ырчы кызыбызга (Гүлзат Батырканова менен Гүлбүбү Ороскул кызына) багыштап, дегеле, болгон ата-бабага, өнөр жолунда жүрүп, өтүп кеткен улуу инсандарга арнап куран окутуп, анан алып баруучулукту баштайын деп турам.

— Бул долбоорго өткөнүңдү үй-бүлөң кандай кабыл алды?

— Жакшы. Апамдын көзү өтүп кеткен. Атам сүйүнүп, ак батасын берди.

— Эл сынчы да, эми сени сынашат, ар кандай нерсени жазышат. Көрөрмандардын бирине жаксаң, бирине жакпай каласың дегендей. Дегеле сындуу кабыл алууң кандай?

— Сынды кабыл алуум жакшы эле. Сын болбосо болбойт да. Адам болгондон кийин сындалабыз, бирок, сынбайбыз. Ошон үчүн пендебиз да. “Анара Шаимкулова комузда кол ойнотуп, өзүн сахнада эркин алып, жакшы сүйлөгөндүгү менен “Шайыр жеңенин” ордуна татыктуу деп табылды” деп Ниязалиева Сагын эже интервью бериптир. Эженин бул сөзү мага күч-кубат берет. Татыктуу дегенден кийин татыктуу алып барууга болгон күчүмдү жумшайм.

Маектеш жөнүндө маалымат

Шаимкулова Анара 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Карамарт айылында туулган. 1995-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1995-2000-жылдары Жалал-Абад Мамлекеттик университенин филология факультетин бүтүргөн. Кесиби – филолог.

Чыгармачыл эмгек жолун “Күлгүн жаш” элдик тобунан баштаган. Жалал-Абад облусундагы Т.Тыныбеков атындагы филармонияда иштеген. “Азадабегим” жана “Айтеңир” тобунда ырдаган. Учурда Болот Эдигеев атындагы “Арашан” элдик фольклордук ансамблинин солисти. Маданияттын мыкты кызматкери. Үй-бүлөлүү. Эки уул, бир кыздын энеси.

Эскерте кетсек

«Кыз-жигит Сармерден» теледолбоору 2012-жылы ачылып, алгач Гүлзат Батырканова алып барган. Ал 2015-жылдын башында жол кырсыгынан каза болгон. Андан кийин Гүлбүбү Ороcкул кызы алып барып, былтыр, октябрь айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

 Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.